Бишкек шаарында күн сайын 616 автобус жана 115 троллейбус каттайт. Бул тууралуу борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев Жогорку Кеңештин жыйында билдирди.
Анын айтымында, валидаторду киргизүү жана жүргүнчүлөргө талон берүү менен операциялардын саны 465 миңге чейин өстү.
“Эгер акча тууралуу айтсак, транзакциялардын саны күнүнө 6,7 млн сом дегенди билдирет. Бул автобустарды тейлөөгө жана алардын иштөө мөөнөтүн узартууга мүмкүндүк берет”, - деп белгиледи ал.