Кыргызстанда жыгач экспорттоого тыюу салууну узартуу сунушталууда. Министрлер кабинетинин токтомунун долбоору Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан коомдук талкууга коюлду.
Эске сала кетсек, буга чейинки салынган тыюу 2023-жылдын 1-августунда бүтөт. Министрлик аны дагы алты айга, 2024-жылдын февралына чейин узартуу зарыл деп эсептейт.
Башкармалык мындай чараны Орусиядан Кыргызстанга ташылып келген жыгач материалдарын үчүнчү өлкөлөргө реэкспорттоого жол бербөө зарылчылыгы менен түшүндүрүүдө.
Орус өкмөтүнүн токтомуна ылайык, Кыргызстанга 29 миң 680 метр куб жыгачты экспорттоого квота бөлүнгөн. Орусия бул чара үчүнчү өлкөлөргө жыгачтын көп агымы менен байланыштуу деп билдирди. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, өлкөдө 2021-жылга салыштырмалуу 2022-жылы жыгач экспорту өскөн.