Жыл башынан бери 17 миң ишкердик субъект ККМди колдонууга өттү

30.03.2022, 12:20 Акчабар
Жыл башынан бери 17 миң ишкердик субъект ККМди колдонууга өттү

Жыл башынан бери 17 миң 68 ишкердик субъект контролдук-кассалык машинаны колдонууга өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 44 миң 803 контролдук-кассалык машина колдонулууда, анын ичинен 22 миң 239 – аппараттык жана 22 миң 564 – программалык ККМ.

Салык кызматы контролдук-кассалык машиналарды колдонууга милдеттүү субъекттерди жергиликтүү салык органдарына кайрылууга чакырат.

Учурда эки типтеги ККМ колдонулат – аппараттык жана программалык.

Аппараттык ККМ – бул маалыматтарды онлайн өткөрүп берүү модулу бар фискалдык эстутуму менен кадимки кассалык аппарат.

Программалык KKM – тиркеме түрүндө болот, смартфонго, планшетке же компьютерге бекер орнотулат. Бул аппараттык ККМдин эң жеткиликтүү альтернативасы болуп саналат. Керектөөчүлөргө чек берүү үчүн ишкерге чек басып чыгаруучу принтерин сатып алуу жетиштүү.

Программалык ККМди Play Маркет («Онлайн ККМ» тиркемеси) аркылуу смартфонго бекер жүктөп алууга болот. Аппараттык контролдук-кассалык машиналарды KKMди техникалык тейлөө борборлорунан алса болот, алардын саны бүгүнкү күндө 14.

Ошондой эле, Салык кызматы «Керемет Банк», «РСК Банк» жана «Айыл Банкта» коюлган POS терминалы бар заманбап ККМди акысыз берип жатышканын белгилейт.

Каттоодон өтүү жана ККМди менен иштөө үчүн иш жүргүзгөн жери боюнча аймактык салык органына арыз менен кайрылуу зарыл.

Тэги: ишкердик субъект контролдук-кассалык машинаны

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу