Жыл башынан бери Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 2 млрд 925,1 млн сом мүлк салыгы чогултулду. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, белгиленген план 310,4 млн сомго ашыкча аткарылган. Чогултулган сумма төмөнкүдөй:
Эскерте кетсек, 1-сентябрда транспорт каражаттарына, турак жайларга, батирлерге, ошондой эле үй, чарбалык жана бакча жерлерине салык төлөө мөөнөтү аяктаган.
Үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрында салык төлөө мөөнөтү аяктаганы менен бул салыктарды башкаруу уланууда.
Мыйзамга ылайык, салыкты өз убагында төлөбөгөн мүлк ээлери салыктык милдеттенменин негизги суммасынан тышкары, кечиктирилген ар бир күн үчүн административдик айып жана туумдарды төлөөгө мажбур болушат.
"Жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом айып салынат. Туум күн сайын салыктын суммасынан 0,09% өлчөмүндө эсептелет", - деп айтылат маалыматта.
Мамлекеттик салык кызматы салыкты өз убагында төлөбөгөн жарандарды айыптык санкциялардан качуу үчүн азыр төлөнүүгө чакырат.