Жыл башынан бери 2,9 млрд сомго 810 техника лизингге берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, лизингге берилген техникалар:
- Тракторлор – 250 даана;
- Комбайндар – 15 даана;
- Кайра иштетүү өнөр жайы үчүн жабдуулар – 4 даана;
- Айыл чарба машиналары – 90 даана;
- Атайын техника – 449 даана;
- Унаа каражаттары – 2 даана.