Мамлекеттик бажы кызматы 2023-жылдын май айына карата республикалык бюджетке иш жүзүндө 9,6 млрд. сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыз кылды. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Каржы министрлиги тарабынан белгиленген пландык көрсөткүчтөр 122,5%га аткарылып, 1,8 млрд. сомго ашыкча каражат жыйналды.
“2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түшүү 5,6 млрд. сомго көбөйдү, же өсүү темпи 244,1%ды түздү”, - деп айтылат маалыматта.
млрд сомов
Так изменится госдолг Кыргызстана, если доллар вырастет на 5 сомов.