Январда мурунку айга салыштырмалуу бардык ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдө керектөө баалары жана тарифтер жогорулаган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстанда керектөө баасы 1,5 %га өскөн. Мунун себеби азык-түлүк товарларынын 1,8 %га кымбатташына байланыштуу.
Быйыл 2023-жылдын январында 2022-жылдын январына салыштырмалуу экономиканын керектөө секторунда инфляциянын эң жогорку деңгээли - 20,7 % Казакстанда байкалган. Казакстанда азык-түлүк товарларына болгон баа (алкоголдук ичимдиктерди жана тамекилерди эсепке алуу менен) - 25,7 %га, азык-түлүк эмес товарларга - 20,2 %га жана кызмат көрсөтүүлөргө - 14,2 %га жогорулаган.