Жыл башынан бери Кыргызстанда 2,7 млн тонна көмүр казылды

29.11.2022, 10:17 Акчабар
Жыл башынан бери Кыргызстанда 2,7 млн тонна көмүр казылды

Быйыл он айда өлкөдөгү көмүр казган ишканалар 2 миллион 761,4 миң тонна көмүр казган. Бул тууралуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу 29,7 % өскөн. Нарын облусунда 213,5 миң тонна, Баткенде 633,3 миң, Ошто 750,4 миң жана Жалал-Абад облустарында 164,1 миң тонна көмүр казылган.

Божомолдорго ылайык, ноябрь айында болжолдонгон көмүр өндүрүү 262,2 миң тоннаны түзөт.

Республика боюнча жылытуу мезгилине жалпысынан 2 млн 994,2 миң тонна көмүр керектелет. Анын ичинен бюджеттик мекемелерге 257,6 миң тонна көмүр, калкка 1 млн 236,6 миң тонна, Бишкек ЖЭБине 1,5 млн сарпталат.

Ошону менен катар, Кавак көмүр бассейни аймагынан 1 миллион 50 миң тонна, Таш-Көмүрдөн 50 миң тонна, ошондой эле Казакстандан 400 миң тонна Д, ДГ жана Г көмүрлөрүн алып келүү пландалууда.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу