Быйыл январь-октябрь айларынын жыйынтыгы боюнча негизги капиталга инвестициянын көлөмү 97,3 миллиард сомду түздү. Жыл ичиндеги өсүш 1%ды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, инвестициянын көлөмүнүн өсүшү каржылоонун тышкы булактарын 7,7%га көбөйтүүнүн эсебинен камсыз кылынган. Ал эми ички булактардын көлөмү, тескерисинче, 0,7%га азайган.
Инвестициялардын 81%дан ашыгы тоо-кен казып алуу өнөр жайынын объектилерин курууга, өндүрүшкө, электр энергиясы, газ, буу жана абаны кондициялоо менен камсыздоого, транспорттук ишмердүүлүк жана товарларды сактоо, маалымат жана байланыш, ошондой эле турак- жай курулушуна багытталган.