Кыргызстанда жарым ай ичинде орточо дан күрүчүнүн баасы 8,03 сомго кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.
Эгерде 31-майда аталган өнүмдүн баасы 120,85 сом болсо, 16-июнда баасы 128,88 сомго көтөрүлгөн. Бүгүнкү күндө эң кымбат күрүч Кара-Суу (163,57 сом), Исфана (149,78 сом) жана Жалал-Абад (143,45 сом) шаарларында.
Ал эми эң арзаны Өзгөн (89 сом), Токмок (89 сом) Исфана (113,25) сом жана Ноокат (114,02 сом) шаарларында сатылууда.
Жыл башынан бери өлкө боюнча орточо дан күрүчүнүн баасы орто эсеп менен 35 сомго кымбаттады. Баарынан да 2023-жылдын 2-январына карата бааларга салыштырмалуу Манас районунун Покровка айылында (47,23 сомго), Исфана (46,55 сомго) жана Балыкчы шаарларында (43,69 сомго) кымбаттады.