Жыл башынан бери мыйзамсыз жүгүртүүдөн дээрлик 67 млн сомдук алкоголь тартып алынды

02.06.2022, 10:30 Акчабар
Жыл башынан бери мыйзамсыз жүгүртүүдөн дээрлик 67 млн сомдук алкоголь тартып алынды

Жыл башынан бери республика боюнча мыйзамсыз жүгүртүүдөндээрлик 67млн сомго 224 миң 686 бөтөлкө алкоголдук продукциятартып алынды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан маалым болду.

Анын ичинен май айында 40,3 млн сомго 88 миң 717 бөтөлкө алкоголь тартып алынган.

"Бузуулардын көпчүлүгү акциздик маркасы жок же жасалма маркалуу алкоголдук продукцияны сатуу, ошондой эле товарды сактоого жана сатууга уруксат берүүчү документтердин (сертификат, эсеп-фактура, товардык-транспорттук коштомо кагаз) жоктугу менен байланышкан", - деп айтылат маалыматта.

Ведомстводон белгилешкендей, ишкерлерге карата өлкөнүн мыйзамдарына ылайык, чаралар көрүлүп, бир катар субъекттер боюнча материалдар тиешелүү чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлдү.

Тэги: алкоголь салык мыйзам

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу