Ушул жылдын январь-май айларында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 165 млрд. сомдон ашты. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, 2022-жылдын январь-май айларына салыштырмалуу текстиль өндүрүшүнүн, кийим-кече жана бут кийим, булгаары жана булгаары буюмдарын өндүрүү (29,2%), фармацевтика (25,7%) жана химиялык продуктылар (21,8%ке), жыгач жана кагаз буюмдары, полиграфия иши (19,3%ке), резина, пластмасса буюмдары жана курулуш материалдары (15,3%ке), тамак-аш азыктары (анын ичинде ичимдиктер) жана тамеки буюмдары (8,2%ке), ошондой эле кен казып алуу (6,6%) өндүрүшүнүн көлөмүнүн өсүшүнүн эсебинен 1,2%га өскөн.
Курулушта оң тенденциялар байкалып, анда көлөмдүн өсүшү 4,6%ды, айыл чарбасында - 2,4%, дүң жана чекене соодада - 15,4%ды түзгөн.
Быйыл январь-май айларында (өткөн жылдын декабрына салыштырганда) республика боюнча керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүшү 4,3% түздү. Мында алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына баа 6,5%га, тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга - 3,2%га, азык-түлүк эмес товарларга - 4,9%га жана калкка көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер 5,2%га жогорулаган.