Жыл башынан бери пенсия жана жөлөк пулга дээрлик 23 млрд сом жумшалды

02.06.2022, 15:00 Акчабар
Жыл башынан бери пенсия жана жөлөк пулга дээрлик 23 млрд сом жумшалды

Кыргызстанда ушул жылдын январь-май айларында пенсия жана жөлөкпулдарды каржылоого 22 миллиард 746,8 миллион сом бөлүндү. Мындай маалымат республиканын Социалдык фонду тарабынан белгилүү болду.

Пенсия жана пособиелерди төлөөгө эң көп (4 миллиард 174,1 миллион сом) Ош облусуна, эң азы Ош шаарына (816,5 миллион сом) багытталган. Ал эми:

- Бишкек шаары  — 3 млрд 668,5 млн сом

- Чүй облусу — 3 млрд 443,7 млн сом

- Нарын облусу — 1 млрд 805,4 млн сом

- Исык-Көл облусу — 2 млрд 071,5 млн сом

- Талас облусу — 942,2 млн сом

- Баткен облусу — 1 млрд 907,7 млн сом

- Жалал-Абад облусу — 3 млрд 917,3 млн сом.

Кошумчаласак, каражат 2022-жылдын май айына 4 млрд 580,1 млн сомду түздү.

Тэги: пенсия пособие Соцфонд

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу