Жыл башынан бери жазык кылмышы боюнча бюджетке 36,6 млн сом түшкөн

15.03.2023, 10:21 Акчабар
Жыл башынан бери жазык кылмышы боюнча бюджетке 36,6 млн сом түшкөн

Ушул жылдын январь-февраль айларында бажы тармагынан бюджетке кошумча 56,3 млн сом киреше түшкөн. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, жыл башынан бери бажы кызматкерлери укук бузуу жана кылмыш иши боюнча 775 фактыны аныктаган. 

Алардын ичинен:

  • 736 укук бузуу фактысы ачылып, анын натыйжасында 5,1 млн сом өлчөмүндө айып өндүрүлүп, 14,5 млн сом өлчөмүндө алдын алуу чаралары боюнча бажы төлөмдөрү төлөнгөн;
  • жазык кылмыш фактылары боюнча 39 материал өткөрүлүп, алар боюнча 36,6 млн сом зыяндын орду толтурулган;
  • бюджеттин кошумча кирешелеринин жалпы көлөмү 46 миллион сомго көбөйгөн. Эгерде 2022-жылдын 2 айында кошумча кирешенин көлөмү 9,6 миллион сомду түзсө, быйыл январь жана февраль айларында бул көрсөткүч 56,3 миллион сомду түзгөн. 

 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу