Акылбек Жапаров: жыл сайын илим тармагына 700 млн сом бөлүнөт

01.03.2023, 10:50 Акчабар
Акылбек Жапаров: жыл сайын илим тармагына 700 млн сом бөлүнөт

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 70ке жакын илимий уюм, 1500гө жакын илимдин доктору бар. Илим тармагы мамлекеттик бюджеттен жыл сайын 700 млн сомго жакын суммада каржыланат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Улуттук илимдер академиясынын жылдык жалпы жыйынында билдирди.

Анын айтымында илимий чөйрө менен жогорку окуу жайлары тыгыз кызматташып, биргеликте иштеши зарыл. Ошондой эле, ал Кыргызстандын экономикалык саясатына илимий мамилени системалуу түрдө киргизүү керектигин баса белгилеп,  окумуштуулар менен мамлекеттик органдар чогуу иш алып барышы зарылдыгын кошумчалады. 

“Жогорку окуу жайларында 230 миңден ашык студенттин потенциалы толук ачылбастан, экономикага начар тартылган. Бизде билим берүүнү экспорттоо жакшы деңгээлге коюлган. Өлкөдө 83 миңден ашык чет элдик студенттер бар. Туруктуу өнүгүү кызыкчылыгы үчүн илимдин инклюзивдүүлүгүн камсыз кылуу зарыл”, - деди Акылбек Жапаров. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу