Жыл соңунда бюджеттин тартыштыгы ИДПга карата 2,3%ды түзөрү күтүлүүдө

08.06.2023, 11:09 Акчабар
Жыл соңунда бюджеттин тартыштыгы ИДПга карата 2,3%ды түзөрү күтүлүүдө

Ушул жылдын соңунда ИДПга карата 2,3% республикалык бюджеттин тартыштыгы, ал эми 2024-2025-жылдары бюджеттин профицити күтүлөт. Ал мамлекеттик карызды төлөөгө, ошондой эле экономиканы өнүктүрүүгө багытталган чыгашаларды каржылоого жумшалат. Бул тууралуу Улуттук банктын 2023-жылдын биринчи кварталы үчүн акча-кредит саясаты боюнча отчетунда айтылат. 

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын биринчи кварталында мамлекеттик бюджет ИДПга карата 0,1% профицитти түздү, бул ушул мезгилдин мезгилдүү көрүнүшү. Бюджеттин профицити 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу (ИДПга карата 4,6%) төмөн болгон, анткени кирешелерге салыштырмалуу чыгашалардын өсүү темпи жогору.

“Операциялык ишмердиктен мамлекеттик бюджетке түшкөн кирешелер 24,9%га көбөйүп, 2022-жылдын ушул эле көрсөткүчүнө салыштырмалуу 74,4 млрд. сомду (ИДПга карата 40,4%) түздү. Көрсөткүчтүн өсүшү негизинен КНС боюнча түшүүлөрдүн жана салыктык эмес кирешелердин өсүшү менен шартталган”, - деп айтылат маалыматта. 

Ошондой эле, чыгашалардын бардык статьялары боюнча өсүш байкалган: эң чоң өсүш “жалпы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр” (+46%) жана “билим берүү” (+61,6%) бюджеттик сектордун кызматкерлеринин эмгек акы төлөө фондунун өсүшүнүн эсебинен белгиленген.

Финансылык эмес активдерди таза сатып алуу 2022-жылдын ушул эле көрсөткүчүнө салыштырмалуу 6,3%га көбөйүү менен 12 млрд. сомду же ИДПга карата 6,5%ды түздү.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу