Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү дээрлик 1 миң 350 млн долларды түздү

18.04.2022, 11:40 Акчабар
Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү дээрлик 1 миң 350 млн долларды түздү

Экономика жана коммерция министрлиги түзүлгөн кырдаалга карабастан, экономика жакшы динамика көрсөтүп жатканын, ушул жылдын январь-мартында ИДП 4,5%га өскөнүн билдирди.

Алсак, 2022-жылдын биринчи чейрегинде экономиканын бардык тармактарында өсүш байкалды.

Январь-март айларында айыл чарбасында 35,6 миллиард сомдук продукция өндүрүлгөн. Дыйканчылыктын өсүшү мал чарба продукциясын 2,3%га көбөйтүүнүн эсебинен камсыз кылынды.

2022-жылдын биринчи кварталында кайра иштетүү өнөр жайында 52,6 млрд сомдук продукция өндүрүлүп, реалдуу өсүш 114,7%ды түздү.

Өндүрүштүн өсүшү белгиленген өнөр жайдын түрлөрү: мунай продуктуларын (+31,8%), жыгач жана кагаз буюмдарын өндүрүү (+25,5%), фармацевтика (+21,3%), негизги металлдар жана даяр металл буюмдары (+ 20,3%, тамак-аш өнөр жайы (+14,1%), текстиль өндүрүшү, тигүү жана бут кийим өндүрүшү (+5,8%).

Курулуш сектору оң динамикасын көрсөтө баштады. Ушул жылдын 3 айынын жыйынтыгы боюнча өсүш 2,2%ды түздү.

Биринчи чейректин жыйынтыгы боюнча дүң (+11,8%) жана чекене (+7,3%) сооданын көлөмүнүн өсүшү байкалган.

Мейманкана индустриясы өткөн жылдан бери жакшы динамикасын көрсөтүүнү улантууда жана ушул жылдын 3 айынын жыйынтыгы боюнча тармак 43,9%га өстү.

2022-жылдын биринчи кварталында коомдук тамактануучу жайлардын (ресторандар, кафелер ж.б.) кызмат көрсөтүүлөрүнүн көлөмү 3,4 млрд сомду түзүп, 7,7%га өстү.

Байланыш тармагында кызмат көрсөтүүнүн көлөмү 8,1 пайызга өсүп, 6,3 миллиард сомго жетти.

2022-жылдын январь-февраль айларында Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 1 миң 349,5 миллион долларды түзүп, 1,6 эсеге өстү.

2022-жылдын январь-февраль айларында экспорттук жеткирүүлөрдүн көлөмү 3,8%га өсүп, 246,3 млн долларды түздү.

Импорттук жеткирүүлөрдүн көлөмү дээрлик эки эсеге (191,3%) көбөйүп, 1103,2 млн доллар түзгөн.

Тэги: тышкы соода экономика ИДП

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу