Бишкек Жылуулук электр борборунда авария болду

02.02.2024, 09:20 Акчабар
Бишкек Жылуулук электр борборунда авария болду

2-февралда, таңкы саат 03:00 чамасында Бишкектеги ЖЭБде авария болду. Авариялык абалдан улам иштен чыккан жабдууларды жана анын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча ыкчам штаб түзүлдү. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Учурда ЖЭБдин кызматкерлери аравиялык абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча аракеттерди жүргүзүүдө.

Бишкек шаардык ЖЭБ авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча иш алып баруу үчүн ыкчам штаб түзүлдү

“Түнкү кезекте турган 3 кызматкер жаракат алышып, ооруканада. Керектөөчүлөргө электр энергиясы үзгүлтүксүз берилет. Бирок, шаардын жылуулук режимин сактоо максатында, ысык суу берүүдө чектөө киргизилип, мектеп жана бала-бакчалар онлайн окууга өткөрүлдү”, - деп айтылат маалыматта. 

Тэги: Бишкек ЖЭБ кырсык авария

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу