Кечээ, 30-августта «Золотая Корона» төлөм системасына хакердик чабуул коюлган. Белгиленгендей, киберчабуулдар көмүскө форумдар аркылуу координацияланган. Бул тууралуу “Коммерсанть” өз булактарына таянуу менен билдирди.
Төлөм кызматы бул маселе боюнча азырынча эч кандай комментарий бере элек.
Бирок Кыргызстандагы коммерциялык банктар бул жагдайды ар түрдүүчө баалап жатышат. Айрым маалымат булактары акча которуу кызматынын ишинде мүчүлүштүктөр болгонун тастыкташса, башкалар системада эч кандай өзгөрүү болбогонун билдиришти.