Былтыр 1,1 млрд долларлык алтын Швейцарияга сатылышы мүмкүн

29.08.2022, 14:17 Акчабар
Былтыр 1,1 млрд долларлык алтын Швейцарияга сатылышы мүмкүн

Кыргызстандын Улуттук банкы 2021-жылы Швейцарияга 1,1 миллиард долларлык алтын сата алмак. Тышкы соода маалыматтары Trading Economics статистикасында камтылган.

Алардын статистикасы боюнча, 2021-жылы Швейцария Кыргызстандан 1,21 миллиард долларлык товар импорттосо, дээрлик бардык көлөмү – 1,2 миллиард доллары “алтын, асыл таштар, металлдар жана монеталар” беренеси боюнча импортко туура келет.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, Кыргызстан чындап эле өткөн жылы Швейцарияга алтын берген, бирок жыл аягында көрсөтүлгөн сумма бир топ аз – болгону 51,5 миллион долларды түзгөн.

Бирок отчетто 1,1 миллиард долларлык 19 тонна алтын “белгисиз өлкөгө” экспорттолгону айтылат. Бул алтын менен операцияларды Улуттук банк акча-кредит саясатынын алкагында жүргүзгөнү белгилүү. Улуттук банк операциянын бул түрү жашыруун экенин жана куймаларды саткан өлкө ачыкталбай турганын белгиледи.

Тэги: золото Национальный банк КР экспорт золота Швейцария

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу