Улуттук банктын алтыны дагы эле арзандоодо

16.05.2022, 09:47 Акчабар
Улуттук банктын алтыны дагы эле арзандоодо

Кыргызстандын Улуттук банкы чыгарган алтын куймаларынын унциясы эки күн ичинде 0,7%га арзандады. Муну менен бүгүнкү күндө кайра сатып алуу баасы 155 миң 31,5 сом деп белгиленди. Мындай маалыматтар жөнгө салуучу органдын сайтында жарыяланды.

Мындан эки күн мурун, 14-майда алтын 156 миң 108 сомду түзгөн. Ошентип, алтындын унциясын кайра сатып алуу баасы 176,5 сомго же 13 долларга арзандады.

Белгилеп кетсек, көрсөткүчтүн төмөндөө тенденциясы 10-майдан бери байкалып, 16-майга карата кайра сатып алуу баасы ушул айдын башына карата 4,7%га төмөндөгөн.

Кошумчаласак, бүгүн Улуттук банктын аффинаждалган алтын куймасынын унциясын 192 миң 72,5 сомдон сатып алууга болот. Сатуу баасы 26-апрелден баштап өзгөрүүсүз калды.

Тэги: тройская унция золото НБ КР аффинированные слитки

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу