Үстүбүздөгү жылдын июль айынын ортосунда Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет «Карабулак» алтын кенин иштетүүчү жерди аукционго койду. Бул тууралуу мамлекеттик комитеттин сайтында маалымдалат.
Кен иштетүүчү жердин баштапкы баасы 218 миң 269 долларды түздү.
Жалпысынан аукционго төрт компания катышты: ОсОО «Геосервисес Кейджи», ОсОО «Альфазар», ОсОО «Азия Таш Трейд» и ОсОО «ЗОФ Алтын Тоо».
Жыйынтыгында «Альфазар» компаниясы 770 миң доллар сунуштап, жеңип чыкты.
Кошумчалай кетсек, «Карабулак» Чүй облусунун Панфилов районунда жайгашкан. Ал 1958-жылы негизделген. Ошол мезгилде эле бир нече казуу иштери жүргүзүлгөн. Негизги рудалык минералдар болуп алтын, пирит, ал эми майда минералдар галена, халькопирит, арсенопирит болуп саналат. Кендин минералдык чийки затына лабораториялык технологиялык тесттер жүргүзүлгөн. Кен иштетүүчү аймакта 92,1% алтын, күмүш 87-93,5% түзөөрү маалымдалган. Болжолдонгон ресурстар жана алтындын запастары 86 метр тереңдикке эсептелген. Мамлекеттик алтындын запасы өткөн жылдын 1-январына карата 2 миң 553,3 кг түзгөн.