Akchabarsearch
    Акча бар, бирок жашоого жетпейт: Эмгек акыга байланышкан көйгөйлөр

    Жарыяланган

    2025-30-05, 13:34

    Акча бар, бирок жашоого жетпейт: Эмгек акыга байланышкан көйгөйлөр

    Айлык маянанын өсүшү — жашоо деңгээлин жогорулатуу үчүн маанилүү, бирок жетишсиз шарт. Кыргызстанда эмгек акыны жогорулатуу теориясы иштеп кетиши үчүн эмне кылуу керектиги тууралуу "Акчабар" үчүн атайын материалды экономист-эксперт Нургүл Акимова даярдады.

    Бул гипотеза ишке ашышы үчүн, жөн гана номиналдык төлөмдөрдү жогорулатуу жетишсиз, инфляцияны эске алуу менен индексация механизмин да бекемдөө керек. Мына ушундай шартта гана экономикалык өсүш өлкөнүн бардык региондорунда эмгекчилердин турмуш жыргалчылыгынын реалдуу жакшырышына алып келет.

    Эмгек акынын эффективдүүлүк гипотезасы (Efficiency Wage Hypothesis) — азыркы замандын экономикасындагы маанилүү теориялардын бири. Ал эмгек акынын деңгээли кызматкерлердин өндүрүмдүүлүгүнө кандай таасир тийгизерин түшүндүрөт. Бул түшүнүктү белгилүү экономисттер: Жорж Аккерлоф, Жанет Йеллен, Жозеф Стиглиц, Карл Шапиро, Жеймс Мирулис жана Стивен Салуоп иштеп чыгышкан.

    Бул концепция 1980-жылдары өнүгүп баштаган. Карл Шапиро менен Жозеф Стиглиц 1984-жылы белгилүү болгон Shapiro-Stiglitz моделинде иштеген эмгектеринде жалкоолук менен иштен качууну алдын алуу үчүн эмгек акыны рыноктук тең салмак деңгээлинен жогору коюу рационалдуу экенин көрсөтүшкөн. Аккерлоф менен Йеллен бул модельге кызматкерлердин моралдык духу жана адилеттүүлүк маселелерин кошушкан. Ал эми биологиялык моделдер (мисалы, М. Льюистин 1957-жылдагы изилдөөсү) киреше деңгээли менен кызматкердин физикалык абалынын ортосундагы байланышка басым жасашкан.

    Эмгек акынын эффективдүүлүк гипотезасы бир нече негизги жоболорго негизделет: эмгек рыногу идеалдуу эмес, ал эми маалымат — асимметриялуу. Ошондуктан, иш берүүчү кызматкерлердин аракетин жана өндүрүмдүүлүгүн так баалоого, ошондой эле тартипти толук көзөмөлдөөгө ар дайым эле жөндөмдүү боло бербейт. Жогору эмгек акы кызматкерлердин тамактануусун, ден соолугун жана моралдык духун жакшыртат, алардын ишке берилгендигин жогорулатат жана кадрлардын алмашуусун азайтат. Ошондой эле ал персоналды жалдоо жана окутуу чыгымдарын кыскартууга жардам берет, анткени мурда эле үйрөтүлгөн кызматкерлерди сактап калууга шарт түзөт — бул адамдык капиталдын топтолушуна өбөлгө түзөт. Мындан тышкары, жогору маяна квалификациялуу жана жоопкерчиликтүү адистер үчүн уюмду көбүрөөк жагымдуу кылат.

    Классикалык эмгек рыногунун моделдеринен айырмаланып, эффективдүү эмгек акынын теориясы эмгек акынын жогорулашы өндүрүмдүүлүктүн натыйжасы гана эмес, экономикага мультипликативдик таасирин тийгизип, аны калыптандыруусу мүмкүн деп ырастайт.

    Анализделген мезгил аралыгында өлкөнүн бардык аймактарында орточо номиналдык эмгек акылардын өсүшү байкалган. Эң жогорку эмгек акы деңгээли салттуу түрдө Бишкек шаарында, Чүй жана Ысык-Көл облустарында катталган — 2024-жылга карата бул аймактарда орточо айлык акы 43–48 миң сомдон ашкан. Бул көрүнүш экономикалык инфраструктуранын өнүккөндүгү, бизнес менен мекемелердин топтолушу жана квалификациялуу эмгек күчүнүн үлүшүнүн жогору болушу менен түшүндүрүлөт.

    Ошол эле учурда түштүк жана тоолуу аймактар менен болгон айырма сакталып калууда. Мисалы, Баткен, Нарын, Ош жана Талас облустарында 2024-жылы орточо айлык акы 27–29 миң сомдун тегерегинде болуп, борбор калаа жана түндүк аймактардагы көрсөткүчтөрдөн кыйла төмөн. Бирок бул региондордо да эмгек акылардын өсүү темпи тездеп жатат: 2022–2024-жылдары кирешенин олуттуу өсүшү байкалат, бул аймактык диспропорцияны сактоо менен болсо да, мүмкүнчүлүктөрдүн бара-бара теңдештирилгендигинен кабар берет.

    Акыркы жылдарда өлкөнүн бардык аймактарында номиналдык эмгек акылардын оң динамикасы байкалганы менен эмгекчилердин жашоо сапаты үчүн негизги мааниге эмгек акынын сатып алуу жөндөмдүүлүгү ээ болууда. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2019–2024-жылдар аралыгында орточо эмгек акы көпчүлүк облустарда 2,1–2,5 эсеге өскөн. Бирок ошол эле мезгилде инфляциянын темпи да туруктуу жогору бойдон калып, калктын реалдуу кирешелерин көп учурда төмөндөтүп келген.

    Эмгекчилердин сатып алуу жөндөмдүүлүгү — бул товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн учурдагы бааларынын деңгээлинде негизги жана кеңейтилген муктаждыктарын канааттандыруу мүмкүнчүлүгү. Кыргызстан шартында, үй-бүлөлөрдүн бюджетинин чоң бөлүгү азык-түлүккө, коммуналдык кызматтарга жана негизги социалдык муктаждыктарга сарпталганы үчүн, бул көрсөткүч кызматкерлердин чыныгы социалдык-экономикалык абалын чагылдырган негизги фактор болуп саналат.

    Керектөө бааларынын индексине корректировкаланган реалдуу эмгек акы көбүнчө номиналдык эмгек акыга караганда кыйла жай өсөт, ал эми кээ бир жылдары ал тургай төмөндөшү мүмкүн. Натыйжада, маяналардын формалдуу өсүшү дайыма эле жашоо деңгээлинин байкала турган жакшыртуусуна алып келбейт. Иш жүзүндө, Улуттук статистика комитетинин маалыматы жана жана эксперттик баалоолор боюнча, бир катар региондордо 2021-2023-жылдары реалдуу кирешелер тамак-ашка, транспорттук кызмат көрсөтүүлөргө жана энергетикалык ресурстарга баалардын ашып түшүүсүнө байланыштуу өткөн жылдардын деңгээлине салыштырмалуу иш жүзүндө токтоп, ал тургай кыскарган.

    Өтө маанилүү жагдай — учурдагы мамлекеттик өнүктүрүү программаларында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын көпчүлүк тармактык стратегиялары менен нормативдик актыларында бюджеттик жана мамлекеттик секторлордун кызматкерлеринин эмгек акыларын автоматтык түрдө индексациялоо механизми бекитилген эмес. Бул жылдык же кварталдык маяна жогорулатуу инфляциянын деңгээлине көз каранды болбой, кол менен же саясий себептер менен аныкталаарын билдирет.

    Мындай мамиле бир катар тобокелдиктерди жаратат: формалдуу эмгек акынын өсүшүнө карабастан, кызматкерлердин реалдуу кирешелери, өзгөчө баалардын күтүлбөгөн жогорулашы шарттарында төмөндөшү мүмкүн; бул социалдык чыңалуунун күчөшүнө жана эмгек акы саясатына болгон ишенимдин төмөндөшүнө алып келет. Мындан тышкары, кызматкерлердин мотивациясы төмөндөйт, кадрлардын алмашуусу көбөйөт жана өзгөчө жаш жана квалификациялуу адистер арасында эмгек миграциясы өсөт. Алыскы жана кооптуу аймактарда абал оорлоп кетет, анткени инфляциялык басым күчтүү сезилет, ал эми альтернативдүү киреше табуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген. 

    Расмий инфляция көрсөткүчтөрүнө ылайык эмгек акыны индексациялоонун ачык, объективдүү жана туруктуу механизми киргизилбесе, эмгек акыны жогорулатуу саясаты формалдуу чара бойдон кала берет жана кедейчиликтин структурасын, кызматкерлердин мотивациясын жана калктын экономикалык корголушунун деңгээлин түп тамырынан өзгөртө албайт. Индексацияны киргизүү зарылдыгы — бул бүтүндөй улуттук адамдык капиталды өнүктүрүү модели үчүн стратегиялык туруктуулуктун маселеси.

    Азыркы шарттарда номиналдык эмгек акы көрсөткүчтөрү эмес, негизинен реалдуу сатып алуу жөндөмдүүлүгү эмгекчилердин жыргалчылыгын жакшыртуу боюнча мамлекеттик жана тармактык программаларды иштеп чыгууда жана көзөмөлдөөнүн негизги критерийи болушу керек.

     


    Тектеш материалды окуу