Жарыяланган
2023-03-05, 10:47Министрлер кабинети дайыма чет элдик инвесторлорду издегени менен алар Кыргызстанга инвестиция салууга анчейин ынтызар эмес. Азыркы тапта дүйнөнү каатчылык каптап, көптөгөн компаниялар өз активдерин сактап калууга аракет кылууда. Мындан тышкары, мезгил мезгили менен революциялар болуп жаткан өлкөгө инвестиция салууга бардык эле инвестор батынбай, тобокелдүү бизнес катары көрөт. Биздин өлкө кантип акча таба алат? Мунун жообу айкын: ата мекендик компаниялар жигердүү өнүгүп, жемиштүү иштеп, бюджетке киреше алып келе тургандай шарттарды түзүү керек.
Бул тармакта келечектүү багыттардын бири Кыргызстандын букмекердик кеңселери болушу мүмкүн. Жакынкы күндөрү эле Жогорку Кеңештин депутаттары “Дене тарбия жана спорт жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргызстандын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү коомдук талкууга алып чыгышты.
Бул мыйзам долбоору кабыл алынса, биринчиден, аз эмес кошумча салыктар мамлекеттин казынасына түшөт. Экинчиден, бул мыйзам долбоорунун максатына ылайык, ата мекендик спортту колдоо үчүн атайын фонд түзүлөт. Букмекердик кеңселер дүң кирешесинен 2%дан кем эмес өлчөмдө атайын фондго которушат. Учурда Кыргызстанда букмекердик кеңселер иштей албайт. Ооба, мамлекет алардын ишмердүүлүгүн бир жыл мурун “Оюн бизнеси жөнүндөгү” мыйзам менен мыйзамдаштырган. Бирок бул мыйзам Кыргызстандын жарандарына казинолордо кумар оюндарын ойноого гана эмес, спортко тиешелүү интеллектуалдык мелдештерге (пари) да тыюу салат. Ошол эле учурда, компетенттүү мамлекеттик мекемелер онлайн букмекердик кеңселерге резидент менен резидент эместерин бөлүүгө мүмкүндүк берген техникалык чечимди бере албайт.
Жыйынтыгында бүгүнкү күндө лицензия алган ата мекендик букмекердик компаниялар иштебей, Кыргызстандын жарандары казак жана орус интернет сайттарында букмекердик оюндарды ойноп келет. Миллиарддаган сомдор чет өлкөгө “агып” жатат. Мындан улам, кыргызстандыктарга өз өлкөсүндө коюмдарды коюуга уруксат берген оңдур? Мындан эмне үчүн карапайым калк жана мамлекет утат? Биздин материалдан окуңуз.
Казакстанда букмекердик ишмердүүлүк тез өнүгүүдө. Акыркы маалыматтар боюнча, Казакстандын оюн бизнесиндеги кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү бир жыл ичинде дээрлик эки эсеге өсүп, 500 млрд. теңгеден ашкан. Рыноктун негизги катышуучуларынын салыктык чегерүүлөрү үч эсеге көбөйгөн. Жалпысынан 10 жылдын ичинде Казакстанда кумар бизнеси жыл сайын 25%га өскөн. Ал эми пандемиянын башталышы менен көлөм 18 эсеге, тактап айтканда 15тен 278 млрд. теңгеге чейин жогорулаган.
Кыргызстанда Казакстанга салыштырмалуу калктын саны 2,8 эсе аз, өлкөнүн экономикасы алсызыраак. Бирок бизде букмекердик спорттук оюдарга коюм койгонду жакшы көргөндөр бар. Букмекердик кеңсенин ишмердүүлүгүнө коюлган чектөөлөр алынса, ири букмекердик кеңселер базарга кирип, кыргызстандыктарга өз кызматтарын сунуштайт. Жаңы жумуш орундары түзүлөт. Болжолдуу эсептөөлөр боюнча жана коңшу өлкөнүн маалыматтарына таянып, бир нече жылдын ичинде Кыргызстандын оюн бизнесиндеги кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү 500 млн. долларга жетет деп болжолдоого болот. Бюджетке ири өлчөмдө киреше түшөт!
Букмекердик ишмердүүлүк кирешелүү тармак болуп, өнүккөн өлкөлөр ага тыюу салбастан, тескерисинче, аны жөнгө салат. Мындай акчадан баш тартуу акылсыздык! Андыктан букмекердик кеңсенин ишмердүүлүгү ачык-айкын жана бардыгы үчүн пайдалуу болушу үчүн шарттарды түзүү керек. Бул үчүн кагаз жүзүндө гана жакшы жазылган мыйзам эмес, иш жүзүндө натыйжа көрсөткөн мыйзамдар керек. Салттуу түрдө Кыргызстанда бул жагынан чоң көйгөйлөр бар.
Мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү менен ошол эле Казакстандын тажрыйбасын үйрөнсө болот. Бул маселени жүзөгө ашыруу кошуналарга оңой болду деп айтууга болбойт. Ал жерде да көйгөйлөр болгон. Бирок бийлик менен эл акырында бир чечимге келишкен.
Казакстандагы букмекердик кеңсенин иши 2020-жылдын 2-июлундагы "Оюн бизнеси жөнүндө" мыйзам менен жөнгө салынат. Ошону менен бирге, Казакстанда букмекерлик ишмердүүлүктү жөнгө салуунун алкагында мыйзамдар кумар оюндарына көз карандылыкка (лудомания) каршы күрөшүүгө да багытталгандыгын белгилей кетүү керек. Бирок бул букмекердик кеңселердин өзүнө жардам берүү үчүн арналган. Биринчи кезекте, рынокту так жөнгө салуу жана шылуундар менен күрөшүү болгон.
Бул мыйзамга ылайык, Казакстанда букмекердик кеңселердеги коюмдарды эсепке алган борбор ишке кирет. Ал букмекердик кеңселер менен жарандардын ортосунда ортомчу жана көзөмөлдөөчү болот. Өлкөдө жасалган бардык спорттук коюмдарды эсепке алууга мүмкүндүк берет. Буга чейин ушундай эле система Россияда иштей баштап, натыйжасын далилдеген. Анын аркасында букмекердик кеңселердин кардарлары өз укуктарын коргоп, кайсы кеңселер чынчыл иштеп жатканын жана кайсылары менен иштешпеш керек экенин биле алышат.
Казакстандын, Россиянын жана башка көпчүлүк мамлекеттердин букмекердик кеңселери салык төлөп эле тим болбостон, спортко ар тараптан колдоо көрсөтүп келет. Айрым учурда алар өз ыктыяры менен колдосо, кай бир жерде мыйзам милдеттендирген. Букмекерлер жеке спортчулардын, командалардын жана бүтүндөй лигалардын өнөктөшү болуп, спортсмендердин жабдууларына, окутуу-машыгууларга жана турнирлерге барууга акча беришет.
Тилекке каршы, Кыргызстанда спорт башка тармактарды каржылоонун эң соңунда, же арткан каражаттын негизинде каржыланат. Буга кошумча бюджетте акча жетишсиз болсо, анда биринчи кезекте спортчулардан алышат. Көптөгөн федерациялардын каражаты жок, өлкөдө аларды колдой турган бир-эки гана ири компания бар.
Эгерде мамлекет биздин спортчуларды камсыздай албаса, анда букмекердик кеңселер бул ишти аткарсын. Спортчулардын олимпиадаларга даярданышына кайдан акча бөлүнөрү маанилүү эмес. Анткени, кандай болгон күндө да спортчулар эл аралык аренада Кыргызстандын желегин желбиретишет.