
Жарыяланган
2025-31-12, 14:56Азыр 2026-жылдын астанасын аттаганы турабыз. Жаңы жылдын башында көптөр алдына жаңы максаттарды коюп, аны жыл ичинде ишке ашырууга аракет кылат. Жаңы өзгөрүүлөрдү күтөт.
2026-жылы пенсия, салык жана башка тармактарда кыргызстандыктарды бир катар өзгөрүүлөр күтөт. Алар тууралуу азыноолак кеп кылалы.
Бай-кедей дебей бериле турган жөлөкпул
Жыл жаңыршы менен өлкөдө жаңы жөлөкпул киргизилет. Ал "бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк" деп аталат. Бул жөлөкпул бийик тоолуу аймактарда, алыскы жетүүгө кыйын айылдарда жана өзгөчө макамы бар айрым чек ара аймактарында жашаган үй-бүлөлөргө берилет. Аны жакыр жашаган адамдар гана эмес колунда бар үй-бүлөлөр да ала алат.
Жаңы жөлөкпул аталган аймактарда жашаган жарандарга үчүнчү жана андан кийин төрөлгөн балдарына алар үч жашка чыкканга чейин төлөнөт. Жөлөкпул 3 миң сомду түзөт.
Эки млн сомго чейинки төлөм
1-январда “Бала береке” төлөмү тууралуу мыйзам күчүнө кирет. Ага ылайык төрт жана андан көп бала төрөгөн аялдарга 100 миң сомдон 2 миллион сомго чейинки бир жолку төлөм берилет. Бирок аны бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын аймактарда жашаган көп балалуу энелер ала алат.
Аталган акча бала 1 жашка чыкканда берилет. Мисалы аял баласын 1-январда төрөсө, “Бала берекенин” акчасын 2027-жылы 1-январда ала алат.
Бериле турган акчанын өлчөмү:
Минималдык стаж
2026-жылдан тарта пенсияга чыгуу үчүн талап кылынган минималдык стаж өзгөрөт. Азыр ал беш жылды түзөт. Келерки жылдан баштап минималдык стаж алты жыл болуп калат. Алты жылдык эмгек стажы болбогондор пенсияга чыга албайт.
Белгилей кетсек, жаш курак боюнча аялдар – 58, эркектер – 63 жашында пенсияга чыгат.
Тейлөө акы алынбайт
Жаңы жылдын биринчи күнүндө, 1-январдан тарта өкмөттүн токтому күчүнө кирип, өлкөдөгү кафе-ресторандарга 10-15%дык тейлөө акы алууга тыюу салынат. Алар кардарга көрсөткөн бардык кызматтын акысын тамактын баасында көрсөтүшү керек болот.
Акча которуу
1-январдан тарта эл аралык акча которуулардан комиссия алууга тыюу салынат.
Улуттук банктын чечимине ылайык, банктык эсеп ачпастан чет жактан Кыргызстанга которулган, анын ичинде рубль менен которулган акчаны алып жаткандардан банктар менен төлөм уюмдары комиссия албашы керек. Бул тыюу салуу 2026-жылдын аягына чейин күчүндө болот.
Эскерте кетсек, Кыргызстандагы банктар 2025-жылдын 1-декабрынан тарта рубль менен которулган акчаны алып жаткандардан 1.5%га чейин комиссия кармап кала баштаган.
Салыктык жеңилдиктер
1. Унаасын саткандар жана алып-сатарлар киреше салыгынан бошотулат.
Азыркы мыйзам боюнча жаран унаасын бир жылдан ашык айдап жүрүп, анан сатса, киреше салыгын төлөбөйт. Бир жыл болбой жатып сата турган болсо, салык төлөшү керек болот. Эми 1-январдан тарта алганына бир жыл боло элек унаасын сатабы, жылына канча унаа сата турганына же алып-сатып иштейби, киреше салыгын төлөбөйт. Алар 2029-жылдын 1-январына чейин киреше салыгынан бошотулууда.
2. Тигүү жана текстиль тармагында иштегендер үчүн келерки жылдын 1-январынан тарта 2030-жылдын 1-январына чейин киреше салыгы 1%га чейин түшүрүлөт. Ошондой эле аларга Социалдык фондго акча которууда жеңилдиктер берилет.
3. 2026-жылдан баштап 2029-жылдын 1-январына чейин унаа ташып келгендер кошумча нарк салыгынан бошотулат.
Аталган өзгөртүүлөр – Салык кодексине киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдүн бир бөлүгү.
Электр энергия
Энергетика министрлиги айтып келгендей Кыргызстанда жыл сайын май айында электр энергиянын баасы инфляцияга жараша көтөрүлүп турат. Министрликтин буга чейинки маалыматына таянсак, келерки жылдын май айынан тарта 1 кВт/саат электр энергиянын баасы болжол менен 21 тыйынга кымбаттап (700 кВт/саатка чейин), 1 сом 58 тыйынды түзөт. Азыр жарандар 1 сом 37 тыйындан төлөшөт.


