Akchabarsearch
Түркия Кыргызстандын жашыл долбоорлор үчүн мамлекеттик карызын кечкен биринчи өлкө болду

Жарыяланган

2024-05-11, 17:58

Түркия Кыргызстандын жашыл долбоорлор үчүн мамлекеттик карызын кечкен биринчи өлкө болду

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 4-6-ноябрь күндөрү Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында Кыргызстандын Түркияга болгон 58,9 миллион доллар тышкы карызын кечүү чечимин кабыл алды.  

Кыргызстан карызды төлөөнүн ордуна карызга барабар сумманы жашыл экономика долбоорлоруна бөлөрү күтүлүүдө. Бул долбоорлор энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүнү, зыяндуу заттарды бөлүп чыгарууну азайтуу үчүн инфраструктураны жаңылоону жана өлкөнүн экологиялык туруктуулугун жогорулатууну камтышы мүмкүн.

Белгилеп кетсек, Түркия Кыргызстандын мамлекеттик карызын жашыл долбоорлор үчүн кечкен биринчи өлкө. Кыргызстан экологиялык долбоорлор үчүн насыяны кечүү сунушун 2023-жылдын июль айында жөнөткөн. 

Эске салсак, 2023-жылдын башында Кыргызстандын президенти өлкөнүн тышкы карызын жашыл демилгелерге алмаштыруу маселесин иштеп чыгууну тапшырган.

“Тышкы карызды төлөөгө бөлүнгөн каражат жашыл демилгелерди колдоого жумшалса жакшы болмок. Биз бул долбоорлорду донорлор жана өнөктөштөр гана каржылаш керек дегенден алыспыз. Биз да өзүбүз тараптан инвестиция салууга жана бул долбоорлорду ишке ашырууга даярбыз”, — деп айтылат мамлекет башчынын социалдык тармактардагы билдирүүсүндө.

Бул маселе боюнча ишти баштагандан кийин Германия Кыргызстандын 14 миллион 900 миң евро карызын толугу менен жашыл долбоорлорго эмес, Кыргызстандын жарандарын жеткиликтүү ипотека менен камсыздоого которууну чечкен. 

Кийинчерээк Түштүк Кореянын Экспорттук-импорттук банкы Кыргызстандын экологиялык долбоорлорунун алкагында 10,26 миллион доллар карызын реструктуризациялоо өтүнүчүн четке каккан. Аталган банк муну бул багытта программасы жоктугу менен байланыштырган. Анын ордуна банк Кыргызстанды Париж клубу менен карызды кечүү мүмкүнчүлүгүн талкуулоого чакырган. 

Тышкы карызды жашыл долбоорлорго алмаштыруу демилгесин көтөргөн Кыргызстан дагы кредиторлорго, анын ичинде Германия, Франция жана Түркияга жалпы суммасы 394 миллион 920 миң долларды түзгөн сунуштарды жөнөткөн.  Бирок ушул жайдын аягында кредиторлор менен конкреттүү келишим болгон эмес. 120 миллион доллар өлчөмүндөгү карызды реструктуризациялоо боюнча алдын ала макулдашуу эки өлкө, анын ичинде Түркия менен жетишилген.

Белгилеп кетсек, 2024-жылдын башынан бери Кыргызстан тышкы карызын 60 миллион доллардан ашык кыскартты. Бул бир эле учурда 14 эл аралык кредиторго, анын ичинде Эл аралык валюта фонду жана Кытайдын Эксим банкына төлөмдөрдүн аркасында мүмкүн болду. 


Тектеш материалды окуу

  • Кинолор кантип бизнесмендерди ого бетер байытат?

    Бүгүнкү күндө заманбап керектөөчү товарды же кызматты гана эмес, алар менен кошо алган эмоциясын да тандайт. Ийгиликтүү компаниялар рынокто калуу үчүн жөн гана продукт сатуу жетишсиз - кардардын бардык сезимдерин камтыган толук кандуу тажрыйба жаратуу керек экенин көптөн бери түшүнүп калышкан. Сенсордук брендингдин маңызы дал ушунда жатат
    2025-28-11 05:05:08
  • Кыргызстанда мырзалар берешен: Эркектер 8-Мартка белек үчүн 30 миң сомго чейин коротууга даяр

    Эл аралык аялдар күнү – жөн гана календардагы дата эмес, ал аялзатына жылуу сөз айтып, сүйүнүч жана жакшы маанай тартуулоо үчүн жакшы себеп. Кыргызстанда 8-Март эң сүйүктүү майрамдардын бири бойдон калууда: аны өлкө жашоочуларынын 79%ы белгилешет. Дагы 17%ы жакындарын куттуктайт, бирок өзгөчө шаан-шөкөт болбойт.
    2025-05-03 05:48:28
  • Грин-карта: адиске акы төлөп, лотореядан утуп алуу мүмкүнбү?

    Лотерея аркылуу грин-карта утуп алуу - бул көптөгөн адамдар үчүн АКШда жаңы жашоо баштоого мүмкүнчүлүк. Бирок башка лотереядагыдай эле, бардыгы эле утушка ээ боло бербейт, берилген жалпы арыздардын 40% жакыны документтин туура эмес толтурулганынан четке кагылган.
    2025-14-01 12:02:01
  • Эмне үчүн Шайн мускат жүзүмү же Дубай шоколады элге бат таанылды?

    Дубай шоколады, Шайн мускат жүзүмү, Сабинанын макарондору сыяктуу өнүмдөрдү биринчи жолу укпагандырсыз. Ал эми Кобе эти, Юбари коону же Копи лувак кофеси жөнүндө эмнени билесиз? Бул азык-түлүктөрдүн баасы кымбат. Гибрид жүзүм, мистелүү жана кунжут пасталуу шоколад жана макарон кантип популярдуу болуп калды?
    2024-11-11 09:39:42