Akchabarsearch

Жарыяланган

2024-26-12, 09:42

Кыргызстанда ата мекендик маркетплейс пайда болду. Бирок азырынча анда кытай товарлары гана сатылат

Бүгүн Кыргызстанда биринчи маркетплейс Lemon Shopping’дин ачылышы өттү. Жаңы долбоор электрондук коммерцияны өнүктүрүүгө салым кошмокчу. Буга чейин өлкөдөгү электрондук коммерциянын көлөмү 359 миллион долларга жеткен.

Ошондой эле, Wildberries жана Ozon эл аралык платформаларында 20 миңден ашуун кыргызстандыктар өз товарларын сатышат жана бул көрсөткүч өсүүдө. Интернет-соода бүткүл өлкө боюнча жарандардын жашоосунун ажырагыс бөлүгүнө айланууда. 

Limon Shopping – бул базардын, стримдик платформанын жана социалдык тармактын функцияларын бириктирген уникалдуу аянтча. Анда колдонуучулар оюн-зоок контентин көрүп эле тим болбостон, товарды түз өндүрүүчүлөрдөн сатып ала алышат. Долбоор Казакстан, Орусия жана Кытайдан келген өнөктөштөрдүн колдоосу менен ишке ашырылды. Кытай өндүрүүчүлөрү артыкчылыкка ээ болуп, алардын продукциялары биринчи кезекте платформага коюлду. Жергиликтүү ишкерлер бул платформанын артыкчылыктарын жана кемчиликтерин изилдей элек.

Иш-чарада Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев да сөз сүйлөп, долбоордун Кыргызстандын экономикасы үчүн маанисин баса белгиледи.

“Бул аянтча биздин ишкерлерге бизнесин жаңы деңгээлге көтөрүүгө, сатууну көбөйтүүгө жана ички жана тышкы рынокто кардарлар базасын кеңейтүүгө шарттарды түзөт. Технетрондук революциянын доорунда мындай долбоорлор соода үчүн жаңы жолду ачкан маяктарга айланат”, - деди Министрлер кабинетинин башчысы.

Ошондой эле, ал  технологияны жана инновацияны өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди мамлекет мындан ары да ар тараптуу колдоорун белгиледи. Касымалиевдин айтымында, Lemon Shopping Кыргызстандын глобалдык санариптик экономикадагы позициясын бекемдөө, бизнес жана керектөөчүлөр үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү үчүн маанилүү.

Стримдердин форматын жана колдонуучулардын өз ара аракеттенүүсүн эске алуу менен мындай маркетплейстин пайда болушун Кыргызстанда тыюу салынган TikTok платформасына альтернатива катары кароого болот. Ошол эле учурда, жергиликтүү чакан жана орто бизнестин катышуусу Lemon Shopping компаниясынын мындан аркы ийгилиги үчүн негизги фактор болот. 


Тектеш материалды окуу

  • Кыргызстанда мырзалар берешен: Эркектер 8-Мартка белек үчүн 30 миң сомго чейин коротууга даяр

    Эл аралык аялдар күнү – жөн гана календардагы дата эмес, ал аялзатына жылуу сөз айтып, сүйүнүч жана жакшы маанай тартуулоо үчүн жакшы себеп. Кыргызстанда 8-Март эң сүйүктүү майрамдардын бири бойдон калууда: аны өлкө жашоочуларынын 79%ы белгилешет. Дагы 17%ы жакындарын куттуктайт, бирок өзгөчө шаан-шөкөт болбойт.
    2025-05-03 05:48:28
  • Грин-карта: адиске акы төлөп, лотореядан утуп алуу мүмкүнбү?

    Лотерея аркылуу грин-карта утуп алуу - бул көптөгөн адамдар үчүн АКШда жаңы жашоо баштоого мүмкүнчүлүк. Бирок башка лотереядагыдай эле, бардыгы эле утушка ээ боло бербейт, берилген жалпы арыздардын 40% жакыны документтин туура эмес толтурулганынан четке кагылган.
    2025-14-01 12:02:01
  • Эмне үчүн Шайн мускат жүзүмү же Дубай шоколады элге бат таанылды?

    Дубай шоколады, Шайн мускат жүзүмү, Сабинанын макарондору сыяктуу өнүмдөрдү биринчи жолу укпагандырсыз. Ал эми Кобе эти, Юбари коону же Копи лувак кофеси жөнүндө эмнени билесиз? Бул азык-түлүктөрдүн баасы кымбат. Гибрид жүзүм, мистелүү жана кунжут пасталуу шоколад жана макарон кантип популярдуу болуп калды?
    2024-11-11 09:39:42