Akchabarsearch
Кыргызстанга кытай картошкасы эмнеге керек болду?

Жарыяланган

2026-10-04, 12:47

Кыргызстанга кытай картошкасы эмнеге керек болду?

Акыркы жылдары Кыргызстанда картошка ашыкча өндүрүлүп келет. Жыл сайын бир миллион тоннадан ашык жыйналат, ал эми ички керектөө мындан төмөн. Ошого карабастан, 2025-жылдын аягынан тарта базарды кытай картошкасы каптап жатканы тууралуу маалыматтар чыгып, бул жергиликтүү калкты нааразы кылууда. Табигый түрдө “анда жергиликтүү картошка кайда кетти?” деген суроо жаралууда.

Кыргызстанда акыркы жылдары картошка менен камсыз болуу жогорку деңгээлде сакталып жатканын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Уран Чекирбаев «Акчабар» басылмасына берген маегинде белгиледи.

Анын айтымында, түшүм азайган учурларда да өндүрүш ички керектөөнү ашыгы менен жабат. Мисалы, 2022-жылы Кыргызстан өзүн картошка менен 192% камсыздаган, ал эми 2025-жылы бул көрсөткүч 167%га чейин төмөндөгөн. Ошентсе да картошка жетиштүү.

Бирок ички рынокто тартыштык 2025-жылдын жазында пайда болгон. Буга бир нече фактор таасир эткен.

Биринчиден, 2024-жылы Казакстанда жана Россияда суу ташкындары болуп, айдоо аянттарына зыян келтирген. Мунун натыйжасында кыргыз картошкасына болгон суроо-талап өскөн.

Суу кеткенден кийин топурак дагы бир топ убакыт ылай болуп, картошка өстүрүүгө жараксыз болуп калат. Ошондуктан биздин картошкага ушундай суроо-талап пайда болду, — деп түшүндүрөт Уран Чекирбаев.

Экинчиден, жалпы камсыздоо жетиштүү болгонуна карабастан, жазында жергиликтүү тартыштык жаралган, анткени ири көлөмдөгү картошка экспортко чыгып кеткен. Бул мезгилде базарларда баа 1 килограммы үчүн 62-70 сомго чейин жеткен.

Абалды турукташтыруу үчүн импортко уруксат берилген. 2025-жылы өлкөгө болжол менен 28 миң тонна картошка алып келинген, анын ичинен 23 миң тоннасы Кытайдан импорттолгон.

 “2025-жылдын жазы дыйкандар үчүн эң кирешелүү болду. Алар картошканын килограммын 60-70 сомдон сатышкан. Күзүндө баа болжол менен 30 сомго чейин түшкөн, бирок бул импорттук картошканын айынан эмес, бул жыл сайын кайталанган тенденция, — деп билдирди азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы.

Ал кошумчалагандай, 2025-жылдын жазынан кийин кытай картошкасын импорттоого муктаждык болгон эмес. Ал эми сатуучулардын текчелеринде пайда болгон картошка - бул контрабанда же жаздан калган калдыктар болушу мүмкүн.

Импорттук картошка болсо да, жергиликтүү картошкага суроо-талап дайыма жогору. Айрыкча узак сакталуучу кеч сортторго, алардын катарына Ат-Башынын картошкасы кирет. Мен керектөөчү катары импорттук картошканы ат-башылык деп көрсөтүүгө аракет кылышкан учурларга туш болгом. Бирок даам сапаты боюнча ал начарыраак, — деп белгиледи Уран Чекирбаев.

Даамдагы айырмачылык өстүрүү процессинин бузулушу же агрохимияларды колдонууга байланыштуу болушу мүмкүн. Ошол эле учурда жергиликтүү дыйкандар негизинен импорттолгон элиталык сортторду, айрыкча Нидерланддан келген сортторду пайдаланышат. Мындан тышкары, Кыргызстанда үрөн чарбачылыгы жакшы өнүккөн жана өндүрүлгөн продукциянын бир бөлүгү экспорттолот. Айрыкча түштүк аймактардан Өзбекстанга жөнөтүлөт.

2026-жылы февраль жана март айлары өзгөчө жаанчыл болду, бул картошка үчүн топурактын абалына жакшы таасир берет деп күтүлүүдө. Эгер жакынкы айларда аба ырайы жаан-чачынсыз өтсө, 2026-жылдагы картошканын түшүмү жогору болот.

Өткөн жылы жазында картошканын баасы 60 сомго чейин жетсе, азыркы учурда ал 42-43 сомдун тегерегинде кармалып турат.

Эгер түшүм жакшы болсо, баа 30-35 сомго чейин төмөндөшү мүмкүн, ал эми түшүм начарыраак болсо 40 сомдун айланасында калат. Дүң баалар болсо 25-35 сомду түзүшү ыктымал, — деп бөлүштү эксперт.

Мындай төмөндөө коңшу өлкөлөрдө өндүрүштүн калыбына келиши менен байланыштуу болот. Эгер ал жакта түшүм жакшы болсо, кыргыз картошкасына болгон суроо-талап азайып, бул ички бааларга басым жасайт.

Ошол эле учурда картошканын баасы жалпы инфляция жана керектөөчүлөрдүн жүрүм-турумунун өзгөрүшүнө байланыштуу туруктуу сакталууда. Жалпы баалар өсүп жаткан шартта калк негизги азык-түлүктөргө, анын ичинде картошкага көбүрөөк көңүл бурууда.


Тектеш материалды окуу

  • Кинолор кантип бизнесмендерди ого бетер байытат?

    Бүгүнкү күндө заманбап керектөөчү товарды же кызматты гана эмес, алар менен кошо алган эмоциясын да тандайт. Ийгиликтүү компаниялар рынокто калуу үчүн жөн гана продукт сатуу жетишсиз - кардардын бардык сезимдерин камтыган толук кандуу тажрыйба жаратуу керек экенин көптөн бери түшүнүп калышкан. Сенсордук брендингдин маңызы дал ушунда жатат
    2025-28-11 05:05:08
  • Кыргызстанда мырзалар берешен: Эркектер 8-Мартка белек үчүн 30 миң сомго чейин коротууга даяр

    Эл аралык аялдар күнү – жөн гана календардагы дата эмес, ал аялзатына жылуу сөз айтып, сүйүнүч жана жакшы маанай тартуулоо үчүн жакшы себеп. Кыргызстанда 8-Март эң сүйүктүү майрамдардын бири бойдон калууда: аны өлкө жашоочуларынын 79%ы белгилешет. Дагы 17%ы жакындарын куттуктайт, бирок өзгөчө шаан-шөкөт болбойт.
    2025-05-03 05:48:28
  • Грин-карта: адиске акы төлөп, лотореядан утуп алуу мүмкүнбү?

    Лотерея аркылуу грин-карта утуп алуу - бул көптөгөн адамдар үчүн АКШда жаңы жашоо баштоого мүмкүнчүлүк. Бирок башка лотереядагыдай эле, бардыгы эле утушка ээ боло бербейт, берилген жалпы арыздардын 40% жакыны документтин туура эмес толтурулганынан четке кагылган.
    2025-14-01 12:02:01
  • Эмне үчүн Шайн мускат жүзүмү же Дубай шоколады элге бат таанылды?

    Дубай шоколады, Шайн мускат жүзүмү, Сабинанын макарондору сыяктуу өнүмдөрдү биринчи жолу укпагандырсыз. Ал эми Кобе эти, Юбари коону же Копи лувак кофеси жөнүндө эмнени билесиз? Бул азык-түлүктөрдүн баасы кымбат. Гибрид жүзүм, мистелүү жана кунжут пасталуу шоколад жана макарон кантип популярдуу болуп калды?
    2024-11-11 09:39:42