Жарыяланган
2019-27-03, 10:05Бишкекте өтүп жаткан VIII орус-кыргыз аймактар аралык «Стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы горизонттору жана интеграция» аттуу конференциясы Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин расмий иш-сапарына алкагында уюштурулган.
Кыргызстандын борборундагы конференцияга «Газпром», «РЖД», «Росгеология» жана башка орустун ири ишканалары катышууда.
800 делегат катышкан конференцияны КР Экономика министри менен «Росконгресс» фонду уюштурган.
Киришүү бөлүгү
КР менен РФ эгемендик алгандан берки кызматташуусунун алкагындагы жетишкен ийгиликтери алгачкы жолугушуу маалында айтылды.
Кыргыз-Орус кызматташтыгы тез динамикалуу өсүүдө. Мындай пикирди КР вице-премьери Замирбек Аскаров билдирди. Анын айтымында 2019-жылы Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы товар айлантуу $2 млрд жетиши күтүлүүдө.
«Россия ЕАЭБ биримдигине кирип жаткан маалда эң биринчилерден болуп бизге жардамга келди. Бул максатта $200 миллион берилген. Мындан тышкары РФ өкмөтү $500 миллион каражатты Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү үчүн (РКФР) берип, ал азыр жигердүү ишмердик жүргүзүүдө. Учурда ар кайсыл тармактарда 1 миң 662 долбоор макулдашылды. Анын жалпы баасы $310 миллион. Россия мунайзаттарды пошлинасыз берип жатканын жогору баалайбыз, бул ички керектөө рыногунда бааларды туруктуу кармоодо»— деп билдирди Замирбек Аскаров.
КР Экономика министри өлкөгө инвестиция тартуу жана аны ишке киргизүү боюнча жасалып жаткан иштер боюнча айтты.
«Айыл чарба азыктарын кайра иштеткендер үчүн салыктан жеңилдетүү максатында Салык Кодексине өзгөртүүлөр киргизилди. Мындан тышкары өкмөт айыл-чарба, айыл чарба коопиративдери менен машина куруу тармактарындагы логистикалык иш чараларга дагы жеңилдетүү берүүнү карап келет » -кошумчалады ал.
Кыргызстанда ишкерлерди текшерүүнүн баардык түрүнө 2 жылдык мораторий киргизилген. Мораторий киргизүүнүн негизги максаты ишкерлер, бизнес менен өкмөттүн ортосунда өнөктөштүк мамилелерин жакшыртуу менен бул тармактын өнүгүшүнө өбөлгө түзүү. Мындан тышкары өкмөт Бизнес-омбудсмен институн түзүп, ишкерлер менен мамлекеттик органдар ортосунда түзүлгөн кырдаалда, алардын кызыкчылыктарын коргоого багытталган. Бизнес-омбудсмен Кыргыз Республикасында ишкерлер кабылган маселерди чечет» - деп билдирди министр.
Уюштуруудагы ызы-чуулар тууралуу
Конференциядагы негизги докладдардан кийин катышуучулар залдарга бөлүнүп, тегерек үстөлдөргө катышмак. Бирок, бул бөлүк мушташка айланып кете жаздады. Бир нече адамдардын агымы отелдин коридоруна батпай баш аламандык болду. Адамдар конференция болгон жерден чыгып кете албай, эскалатор жогорудагы адамдарды ылдый түшүрүп жатканда бир нече адам жыгылып калды. Бактыга жараша эч ким жаракат алган жок. Конференциянын калган катышуучулары коридордо жык-жыйма туруп, кайда бараарын билбей дендароо болушту. Конференциянын уюштуруучулары элди жайгаштырууну эске албаганы, катышуучуларды нааразы кылды.
«Биз катышуучу тегерек үсөлдөр кайда болоорун билбейбиз. Башкалардан сурасак алар дагы билишпейт. Ушундай баш аламандык. Россиялык коллегаларыбыздын алдында уят кылууда» - деп айтты конференциянын катышуучусу.
Негизги бөлүк
Негизги бөлүк тегерек үстөлдөрдө жүрүп, алар тармактарга жараша ар башка залдарда бир эле мезгилде өтүп жатты. ЕАЭБ алкагындагы соода-экономикалык кызматташтык, санариптик өнүгүү, агроөнөржай комплекстери менен инвестициялык потенциалдар талкууга алынды.
Конференциянын алкагында «Россия темир жолу» ишканасы менен биргеликте транзиттик темир жол куруу боюнча техника-экономикалык келишим макулдашылып жатканы белгилүү болду. Бул темир жол салынса, анда Кыргызстандын Түндүк-Түштүк, Чыгыш-Батыш тараптары темир жолу менен байланышат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» Улуттук ишканасынын экономика, стратегиялык өнүктүрүү жана тариф саясаты боюнча башкармалыгынан Нурлан Дусумбаев билдирди.
Евразия Өнүктүрүү банкынын төрагасы Андрей Бельянинов Кыргызстандагы инвестициялык максаттары тууралуу билдирди.
« Евразиялык өнүктүрүү фонду менен биргеликте Бишкек-Ош тоннелин куруу боюнча финалдык сүйлөшүүгө жетип калдык. Бул долбоор көп жылдан бери талкууланып келет. Учурда биз аны ишке ашыруу мезгилине келип калдык» - деп белгиледи Бельянинов.
Кыргыз-орус аймак аралык конференциясында Россия менен кыргызстандын ортосундагы «Технополис» долбоорун ишке ашыруу каралып жатат. Бул тууралу у«Легпром» ассоциациясынын президенти Сапарбек Асанов айтты.
«Технополис» өзгөчөлөнгөн аймакта жайгашып, анда 40 ашык ишкана иштеп, андан өндүрүлгөн жеңил өнөр жай товарларын ЕАЭБ мамлекеттеринде гана эмес, Европага экспортто каралууда. Долбоордун болжолдуу баасы $45 млн деп жатабыз.
Бул келишимдердин алкагында $30 млн Кыргызыдандын кен казуу тармагы өнүктүрүүгө инвестицияланат.
Алардын бири Кара-Балта кен иштетүү компаниясы. Бул Кыргызстандагы алтынды чайкаган жалгыз ишкана. Алтындан тышкары башка баалуу металлдар да чайкалат. Акционерлер аны модернизациялоого $10 млн жумшашты.
«Акыркы эки-үч жыл аралыгында акционерлер Кара-Балта тоо-кендерин иштетүүчү комбинатты жаңылоого көп каражат жумшашты. Кошумча каражаттар тоо-кен казуу тармагын өнүктүрүүгө жана жалпы бул тармакты жакшыртууга багытталган. Негизги каражат Ысык-Көлдөгү уран кенин казууга, Кара-Балта тоо-кен комбинатын модернизациялоо жумшалат. Мындан тышкары Таласты өнүктүрүүгө дагы каражаттар каралган» –деп түшүндүрдү «Акчабарга» «Кара-Балта тоо-кен комбинаты» ААК акционерлер коомунун өкүлү Андрей Акимов.
Путиндин иш сапары
Бишкекте VIII орус-кыргыз аймактар аралык «Стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы горизонттору жана интеграция» аттуу конференциясы Россия Федерациясы Владимир Путиндин расмий иш сапарынын алкагында уюштурулууда.
Путин Кыргызстанга 28- мартта келип, 30 келишимге кол коюлат. Эки мамлекеттин башчылары экономикалык, аскердик-техникалык кызматташуу, энергетика жана инфрастуруктура маселелери талкууга алынат. Анын ичинде Өзбекстан-Кытай-Кыргызстан менен байланыштырган темир жолду курууга Россия дагы катышышы талкууланат.