akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2025-16-01, 17:37

    Биздин өнөктөштөрдүн аракеттери таң калыштуу – Амангелдиев «Керемет Банкка» каршы санкциялар боюнча комментарий берди

    АКШнын Финансы министрлиги "Керемет" банкты орус бийлиги жана “Промсвязьбанк” менен биргеликте санкциялардан качууга катыштыгы бар деген жүйө менен SDN (Specially Designated Nationals and Blocked Persons) тизмесине киргизди. “Промсвязьбанк” Орусиянын коргонуу тармагын каржылоодо негизги ролду ойнойт жана 2022-жылдан бери АКШнын санкцияларынын тизмесинде.

    АКШнын Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, 2024-жылдын жайынан бери "Керемет Банк" “Промсвязьбанктын” транс чек аралык операцияларына жардам берип келет. Банкты санкциялык тизмеге киргизүү чечими 2024-жылы банктын акцияларынын контролдук пакети орусиялык ишкер менен байланышы бар компанияга сатылгандан кийин тездетилгени айтылууда.

    Акционерлердин жаңы структурасы эл аралык чектөөлөрдү айланып өтүүгө багытталган иш-аракеттерди улантууга көмөктөшкөн деген жүйө айтылууда. 

    "Керемет Банк" мындай айыптоолорду четке кагууда. 

    "Банк АКШнын Финансы министрлигинин Чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгына (OFAC) кайрылат, анткени мыйзам бузуулар боюнча айыптоолор далилденген эмес ", - деп айтылат банктын билдирүүсүндө.

    Бирок, санкциялар банк үчүн эле суроолорду жаратпайт. АКШнын Финансы министрлиги “көйгөйлүү” деп атаган мезгилде “Керемет банк” Кыргызстандын Финансы министрлигине таандык болгон.

    2024-жылдын март айында Финансы министрлиги банктын 97,45% акциясын Улуттук банктан 7,1 млрд сомго сатып алган. 2024-жылдын декабрь айында акциянын контролдук пакети (75%) жеке инвесторго 6,5 млрд сомго сатылып, бирок мамлекет банктын 22,45% өлчөмүндөгү үлүшүн сактап калган.

    Вице-премьер-министр Данияр Амангелдиев “Акчабардын”  кабарчысы менен болгон маегинде АКШнын “Керемет банкка” каршы санкция киргизүү чечимине таң калганын жана тынчсыздануусун билдирди.

    “Биздин өнөктөштөрдүн аракеттери таң калыштуу, анткени “Керемет Банк” чындап эле мамлекеттик банк болгон жана сөз болуп жаткан мезгилде ал Улуттук банктын тышкы башкаруусунда болгон. Биз аны менчиктештирүүгө даярдап жатканбыз. Эч кандай шектүү операциялар жасалган эмес. Акциянын контролдук пакети сатылгандан кийин да банк тыкыр көзөмөлдө болгон. Санкцияланган товарлар же транзакциялар болгон эмес, андан тышкары “Промсвязьбанк” менен эч кандай операциялар жүргүзүлгөн эмес”, - деп баса белгиледи ал.

    Министрлер кабинетинин башчысынын орун басарынын айтымында, кыргыз бийлиги буга чейин АКШнын Финансы министрлиги менен шашылыш сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү суранган. 

    “Азыркы тапта бул маселе боюнча сүйлөшүүлөр болот. Банктын шектүү схемаларга тиешеси жок экенин далилдеш үчүн биз бардык документтерди, анын ичинде банктын төлөм операциялары боюнча маалыматтарды берүүгө даярбыз. Биз бул маалыматка абдан таң калдык, эми америкалык бийликтер тарабынан бул чечимдин себептерин билүү маанилүү”, - деп кошумчалады ал.

    Данияр Амангелдиев белгилегендей, санкциялар “Керемет банктын” алдыңкы жылдарга так милдеттери жазылган инвестициялык келишимдин аткарылышына коркунуч туудурат.

    “Бул чечим “Керемет Банктын” инвестициялык милдеттенмелеринин аткарылышына шек келтирет. Анткени, алдыдагы бир нече жылда аткарышы керек болгон милдеттенмелери бар болчу", - деп жыйынтыктады ал.


    Тектеш материалды окуу

    • Өлкөдөгү «КриптоБанкка» бир жыл болду: рынокто биринчиби же аты эле барбы?
      Кыргызстанда “КриптоБанк” дээрлик бир жыл мурун каттоодон өткөн, ал эми мындай мекемелердин ишин жөнгө салуу боюнча мыйзам эми гана талкууланууда.
      2025-06-02 09:58:08
    • TRUMP жана MELANIA мемкоиндери криптовалюта тармагында позицияларын бекемдеши мүмкүн
      Инаугурациясына эки күн калганда, 18-январда АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп өзүнүн криптовалютасын ишке киргизгенин жарыялаган. Натыйжада, Дональд Трамптын командасы чыгарган эки мемкоин дароо криптовалюта рыногунда пайда болду: TRUMP жана MELANIA. 19-январда, дүйнөдөгү эң ири крипто биржалардын бири болгон Binance’да расмий TRUMP мемкоинин соодасы башталды.
      2025-21-01 04:26:27
    • Криптовалюта рыногу: акыркы жаңылыктар жана окуялар
      2024-жылдын декабрь айы криптовалюта рыногу үчүн окуяларга бай болуп, рекорддук көрсөткүчтөрдү көрсөттү. Binance компаниясынын эксперттери крипто индустриянын акыркы жаңылыктары менен бөлүштү.
      2025-20-01 04:11:24
    • Кыргызстан эми күрөөсүз криптоактивдерге ишенбейт
      Кыргызстан виртуалдык активдер жаатындагы мыйзамдарын өнүктүрүүдө. Бүгүн Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы криптовалюта операторлору үчүн жаңы эрежелерди киргизди. Негизги басым ачык-айкындуулукка, коопсуздукка жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоого багытталат.
      2025-10-01 13:52:53