akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: иллюстративное

    Жарыяланган

    2025-05-03, 11:48

    Кыргызстанда мырзалар берешен: Эркектер 8-Мартка белек үчүн 30 миң сомго чейин коротууга даяр

    Эл аралык аялдар күнү – жөн гана календардагы дата эмес, ал аялзатына жылуу сөз айтып, сүйүнүч жана жакшы маанай тартуулоо үчүн жакшы себеп. Кыргызстанда 8-Март эң сүйүктүү майрамдардын бири бойдон калууда: аны өлкө жашоочуларынын 79%ы белгилешет. Дагы 17%ы жакындарын куттуктайт, бирок өзгөчө шаан-шөкөт болбойт. 

    Бул күнү көпчүлүк баарынан мурда апаларын куттуктайт. Wildberries компаниясынын изилдөөсүнө ылайык, эркектердин 73%ы сөзсүз түрдө апаларына белек даярдашат, ал эми 71%ы жубайларын куттуктайт. Аялдар да апаларын куттуктаганды унутпайт – алардын 80%ы белек берет.

    Мындан тышкары, эркек кишилер эже-карындаштарына (34%), кыздарына (32%) жана курбу кыздарына (17%) белек камдайт. Аялдар болсо, апаларынан тышкары, көбүнчө курбуларына (47%), эже-сиңдилерине жана кыздарына (42%) белек беришет.

    Кайсы белектерди тандашат?

    Мырзалар арасында белек катары гүл жана косметика бергендер арбын. Ошондой эле эркек кишилер зер менен үй-тиричилик буюмдарын белек кылышат. 

     

    Кыргызстандык айымдар эң көп ала турган 5 белек:

    • гүл – 62%;
    • косметика жана атыр – 36%;
    • үй-тиричилик буюмдары – 28%;
    • зер буюмдар – 28%;
    • кийим жана аксессуарлар – 22%.

    Кызыгы, эркектер белек тандаган жагынан аялдар менен окшошуп кетет. Мисалы аялдар 8-Мартка карата жакындарына косметика менен атыр (53%), гүл (43%) жана үй-тиричилик буюмдарын (36%) белек кылса, мырзалардан эң алды ушул эле белектерди алышат. 

    Бирок аялдар зер буюмдарынын ордуна таттууларды (25%) белек кылганды жактырат. 

    Кыргызстандыктар 8-Мартка канча акча сарптоого даяр?

    Сурамжылоо көрсөткөндөй, биздин мырзалар колу ачык адамдардын бири. Сурамжылоого катышкандардын 30%ы белек үчүн 10 миңден 30 миң сомго чейин коротууга даяр. Дагы 6%ы 30 миң сомдон кымбат белек алууну пландоодо. 

    Салыштыруу үчүн айта кетсек, коңшу Казакстанда сурамжылоого катышкандардын 27%ы 10 миң сомдон ашпаган акча сарптаганы жатат. Грузияда да суроого жооп бергендердин 36%ы белекке 10 миң сомдон ашык чыгым кылбайт. Арменияда болсо мыйрзалардын пикири бир кылка эмес: 25%ы белекти 1 миңден 3 миң сомго чейин алам десе, дагы 25%ы 10 миңден 30 миң сомго чейин коротконго даяр. 

    Коңшу Өзбекстанда болсо, сурамжылоого катышкан эркектердин 30%ы Казакстан жана Грузиядагыдай эле 10 миң сомдон ашык акча сарптоого даяр эмес. Ошентсе да, Өзбекстанда белекке 30 миң сомдон көп акча коротууну пландаган бир топ киши бар – 11%.


    Тектеш материалды окуу