Жарыяланган
2025-16-08, 11:32VII кыргыз-орус экономикалык форуму 13-15-август күндөрү Чолпон-Ата шаарында, Ысык-Көлдүн жээгинде болуп өттү жана ал Кыргызстан үчүн да, Орусия үчүн да олуттуу ийгилик менен жыйынтыкталды. Форумдун темасы — “Санариптик суверенитет – экономикалык өсүштүн кыймылдаткычы” — жаңы форматтагы кызматташуунун көрсөткүчү болуп, Кыргызстандын технологиялык көзкарандысыздыкка жетүүгө багытталган стратегиясын чагылдырып турду.
Иш-чара эки өлкөнүн лидерлери — Садыр Жапаров менен Владимир Путиндин расмий кайрылуулары менен башталды. Алардын билдирүүлөрүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү — Азамат Кадыралиев жана Игорь Маслов окуп беришти.
Садыр Жапаров форумдун катышуучуларына жолдогон кайрылуусунда Кыргызстан 2022-жылдан бери орточо 9% түзгөн туруктуу экономикалык өсүштү көрсөтүп жатканын белгиледи. Бул көрсөткүч республикага КМШ жана ЕАЭБ ичинен лидерлик орунду камсыздап жатат.
Мамлекет башчысы бул ийгиликке жетүүдө Орусия менен өнөктөштүк негизги факторлордун бири экенин баса белгиледи. Мисал катары ал 2024-жылы өз ара соода жүгүртүүнүн 25%га өсүп, рекорддук 3,9 млрд долларга жеткенин айтты. Садыр Жапаров кыргыз товарларынын Орусия рыногуна экспортунун 40%га көбөйгөнүн дагы маанилүү жетишкендик катары белгиледи. Бул Кыргызстан ЕАЭБ мүчө мамлекеттери үчүн жөн гана керектөөчү рынок болбостон, активдүү экспорттоочу өлкө катары чыгып жатканын көрсөтөт.
Белгиленгендей, бүгүн республика ЕАЭБге толук укуктуу жеткирүүчү катары таанылып, активдүү иш алып барууда — муну 2015-жылы союзга кирген кезде көптөр күмөн санаган.
Бул көрсөткүчтөргө жетүүдө маанилүү, ал тургай башкы ролду, Кыргызстандын экономикасын колдоо жана ЕАЭБге интеграцияны жеңилдетүү максатында түзүлгөн кыргыз-орус өнүктүрүү фонду аткарды.
Россиянын президенти Владимир Путин эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдөгү фонддун ишмердүүлүгүнүн маанисине өзүнчө токтолду. Анын айтымында, негизинен кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун активдүү иши аркасында — фонд 3,5 миңден ашык долбоорду каржылап, анын жалпы суммасы 900 миллион доллардан ашты — Кыргызстандын аймактарында жана шаарларында заманбап өндүрүштүк ишканалар менен социалдык объектилер курулуп, ондогон миңдеген жумуш орундар түзүлүп жатат.
Негизи эле кыргыз-орус экономикалык форуму кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун демилгеси болуп эсептелет жана быйыл жыйналыш жетинчи ирет өтүп, “Росконгресс” фонду менен биргеликте уюштурулду.
“Биз жетишкен ийгиликтер менен эле токтобойбуз. Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду кадимки насыя берүүчү мекемеден көп функционалдуу экономикалык өнүктүрүү борборуна айланат. Жыл аягына чейин республиканын фондулук базарга чыгууну пландап жатабыз, бул бизнестин жана инвесторлордун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачат. Биздин максат — жарандардын мобилдик тиркемелер аркылуу ишканалардын капиталына катышуусуна шарт түзүүчү чакан инвестиция механизмдерин иштеп чыгуу жана жергиликтүү өндүрүүчүлөргө калктын инвестицияларын тартууга мүмкүнчүлүк берүү. Бул ички сактагычтарды (сбережения) 400 миллион долларга чейин мобилизациялап, ички инвесторлордун катмарын түзүүгө жол ачат. Өз кезегинде фонд 2030-жылга чейин фондулук биржа аркылуу долбоорлорду болжол менен 100 миллион долларга кошумча каржылоого даяр”, — деп билдирди форумдун ачылышында кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башкаруучусу Артем Новиков.
“Санариптик эгемендүүлүк” темасын азыркы форумга тандап алууну түшүндүрүп, ал геосаясий турбуленттүүлүк жана дүйнөлүк экономикадагы структуралык өзгөрүүлөр шартында санариптик суверенитет экономикалык коопсуздуктун жана туруктуу өнүгүүнүн негизги булагы болуп жатканын белгиледи. Анын айтымында, санариптик трансформацияга салынган ар бир доллар ички дүң продукттун кошумча наркы катары 20 долларга чейин алып келет — бул салымдар салттуу тармактарга салыштырмалуу алты-жети эсе көп.
“Мындай маалыматтар бизден региондун санариптик мейкиндигин системалуу түрдө түзүүнү талап кылат. Бирок санариптештирүү деген эмне? Аны көрүп же кол менен кармап болбойт. Санариптештирүү — бул эң башкысы ишеним түзүлгөн чөйрө. Бүгүнкү күндө ишенимсиз бир да маанилүү чечим кабыл алуу мүмкүн эмес, ошондой эле экономикада терең реформаларды ишке ашыруу үчүн да жарандардын мамлекетке жана аны жүзөгө ашыруучу институттарга болгон ишеними керек”, — деди Артем Новиков.
Өнүктүрүү стратегиясынын алкагында фонд санариптештирүү жаатында бир катар стратегиялык демилгелерди ишке ашырууну пландап жатат.
“Санариптик суверенитет” темасы негизги баяндамачылардын сөзүндө кайталануучу темага айланды. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев сезилерлик натыйжаларды берип жаткан улуттук санариптик долбоорлорду мисал келтирди. Тактап айтканда, “Санариптик Кыргызстан” программасы онлайн сервистер аркылуу каттоону жана бизнести жүргүзүүнү жөнөкөйлөтүп, бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтып, мамлекеттик кызматтардын ачыктыгын жогорулатат. Дагы бир артыкчылыктуу иш орундарын түзүүгө жана технологиялык чечимдерди иштеп чыгууга түрткү берүүчү жаштардын ишкердиги жана инновациялары үчүн платформа болгон “Стартап Кыргызстан” болуп саналат.
“Жогорку технологиялар паркындагы ийгилик өзгөчө сыймык жаратат. 2024-жылдын аягында паркта болжол менен 500 резидент катталган — бул өткөн жылга салыштырмалуу 24,5%га көп. Резиденттердин кирешеси 11,5 миллиард сомдон ашты, алардын 94% экспортко багытталат. Бул санариптик экономика өсүштүн жана экспорттун локомотиви болуп жаткандыгынын ачык мисалы”, — деди Данияр Амангелдиев.
Экономикалык туруктуулук жана коопсуздуктун ажырагыс шарты катары санариптик суверенитетти Россия өкмөтүнүн вице-премьер-министри Алексей Оверчук да белгиледи.
“Бул жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачат. Евразия экономикалык биримдигинде аларды толук ишке ашыруу үчүн бардык шарттар бар”, — деди ал. Чиновник кошумчалагандай, ЕАЭБ өлкөлөрү коопсуз жана жоопкерчиликтүү жасалма интеллектти колдонуу боюнча биргелешкен иштерди жүргүзүү тууралуу макулдашкан.
Форумдун жыйынтыгында өнөр жай, энергетика, айыл чарба, авиация, транспорт, санариптик экономика жана билим берүү сыяктуу тармактарды камтыган жалпы суммасы 270 миллион долларды түзгөн 30га жакын келишимге кол коюлду.
Эң маанилүү долбоорлордун арасында:
Мындан тышкары, иш-чаранын жүрүшүндө энергетика, металлургия, инфраструктура жана айыл чарба тармагындагы меморандумдарга жана макулдашууларга кол коюлуп, алар “портфелди” жаңы биргелешкен ишканалар менен толуктады. Белгилеп кетсек, акыркы эки жылда Кыргызстанда россиялык капиталдын катышуусу менен ишканалардын саны 70%га өстү, бул инвесторлордун республикага туруктуу кызыгуусун чагылдырат.
Форумда түзүлгөн ар бир келишим кызматташуунун иш жүзүндөгү механизминин ачык мисалы: орус капиталы, кыргыз тараптын суроо-талабы жана бул эки тарапты байланыштырган институттук ортомчулар — кыргыз-орус өнүктүрүү фонду, банктар жана мамлекеттик ишканалар.
VII кыргыз-орус экономикалык форуму эки тараптуу мамилелердин оң динамикасын тастыктап, санариптик трансформация, инвестициялык активдүүлүк жана интеграциялык демилгелер боюнча негизги артыкчылыктарды аныктап берди.
Айрыкча баса белгилөөгө ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Арзыбек Кожошевдин Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болгонуна 10 жыл толушуна арналган илимий конференцияда айткан пикири татыктуу болду. Ал республика ЕАЭБге мүчө болуу жолунда “эрежелерге ыңгайлашуудан” тартып, “биримдиктин күн тартибин активдүү түзүүгө” чейинки жолду басып өткөнүн белгиледи. Өткөн форум анын бул сөзүнүн түз далили болду — Кыргызстан азыр интеграциялык күн тартибин өзү түзүп, санариптештирүүнү, өнөр жай кооперациясын жана энергетиканы экономикалык өсүштүн негизги куралдары катары колдонуп жатат.
Расмий риториканын артында “Биз силерге муктажбыз, силер болсо — бизге” деген негизги формалдуу эмес ой да болду. Учурдагы форум анын өткөрүү тарыхындагы эң ири форум болуп калганы символикалуу – ал 1 миңден ашык катышуучуларды жана 100дөн ашык компанияны чогултуп, эки тараптуу өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жогорку кызыгууну көрсөттү.