
Жарыяланган
2025-28-11, 16:06Бүгүнкү күндө онлайн бизнес дүйнө жүзү боюнча экономикада негизги орунду ээлеп келет. Интернет жана санариптик технологиялардын ылдам өнүгүшү менен бизнес жүргүзүүдө жаңы мүмкүнчүлүктөр жана тоскоолдуктар пайда болууда. Кыргызстанда да электрондук коммерциялык рынок чоң өсүштү баштан өткөрүүдө. Айрыкча акыркы жылдары интернет аркылуу товар сатуу жана кызмат көрсөтүү негизги тенденцияга айланды. Ишкерлер жаңы кардарларды тартуу, эл аралык рынокко чыгуу жана бизнесин кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болууда.
Онлайн бизнес тармагы тууралуу Электрондук коммерция ассоциациясынын президенти Айбек Куренкеев менен баарлаштык.

Кыргызстанда онлайн бизнес акыркы жылдары жашоонун ажырагыс бөлүгүнө айланып, өлкөдө электрондук коммерциянын өсүшү байкалууда. Бүгүнкү күндө ишкерлерге интернет аркылуу товар же кызмат сунуштоо мүмкүнчүлүгү кеңири ачылды. Электрондук коммерция ассоциациясынын президенти Айбек Куренкеевдин пикири боюнча, онлайн бизнес Кыргызстанда туруктуу өсүп жатат. Келечеги кең десе болот.
«Ички рынок менен катар эл аралык маркетплейстер аркылуу экспортко чыгууга да мүмкүнчүлүк бар. Ишкерлер үчүн негизги мүмкүнчүлүк — товарды туура таңгактап, сапаттуу карточка менен сунуштоо. Практика көрсөткөндөй, жакшы сүрөт, так сүрөттөмө жана туура баа сатууга түз таасир этет. Ошондуктан ишкерлерге санариптик маркетингге жана карточка сапатына өзгөчө көңүл буруу сунушталат», — деди ал.
Электрондук коммерция баштоодо товарды сатып алууга ким кызыкдар экенин жана алардын муктаждыктарын так аныктоо керек.
«Муктаждыктарды аныктап алгандан кийин платформа тандап, катталып, сапаттуу карточка түзүлөт. Карточкада жогорку сапаттагы 5-6 сүрөт, туура аталыш жана так сүрөттөмө болушу шарт. Сырттан караганда ишенимдүү көрүнүш түзүү — алгачкы сатуунун ачкычы», — деген Куренкеев ишкерлерге баштапкы этапта чакан акция же арзандатуу колдонууну сунуштады.
Ал онлайн бизнеске киргенде минималдуу техникалык ресурстар талап кылынарын белгиледи. Алар: интернет, смартфон же ноутбук, төлөм системалары жана контент үчүн жеңил камера менен жарык.
«Контент даярдоо үчүн текст жазуу, сүрөт менен иштөө жана видео тартуу сыяктуу жөндөмдөр талап кылынат. Баштапкы маркетинг үчүн кичине бюджет бөлүш керек. Ошондой эле, элдин оң маанайдагы пикирлери дагы маанилүү», — деди Куренкеев.
Мындан тышкары, онлайн бизнесте убакытты туура пайдалануу шарт. Кардарлар менен байланыш, буйрутмаларды менен иштөө, контент жаңыртуу жана жарнама иштерине убакыт бөлүү маанилүү. Айбек Куренкеев бул үчүн автоматташтырылган билдирүүлөрдү орнотуу керек экенин белгиледи. Ошону менен катар эле буйрутмаларды башкаруу куралдары дагы убакытты үнөмдөйт.

Куренкеев сапаттуу тейлөө жана ишеним кардарлар менен “узак мөөнөттүү мамилелердин” негизин түзө турганын белгилейт. Кардарлар менен байланышты үзбөстөн, алардын пикирлерине кулак төшөп, жооп берүү керек. Бонус системалары, арзандатуу жана кийинки сатып алууга белек берүү кардарлардын кайра келиши үчүн пайдалуу стратегиялар катары каралат.
Айбек Куренкеевдин айтымында, онлайн бизнестин дүйнөлүк тренддери бар. Учурда мобилдик сооданын, маркетплейстердин жана социалдык тармактардын ролу кыйла өстү. Мобилдик соода учурда дүйнө жүзүндө негизги тренд болуп калды.
«Сатып алуучулар товарды тандаганда биринчи кезекте видео, реалдуу сүрөт жана пикирлерге таянышат. Ошондуктан ишкерлерге фото, видео жана SEO-аталыштарга инвестиция салуу сунушталат», — дейт ал.

Онлайн бизнестин артыкчылыктары менен бирге ошол эле учурда анын кемчиликтерин эске алуу керек. Кардарлардын ишенимин жаратып, терс пикирлер менен күрөшүү өтө маанилүү.
«Кардарлардын терс пикирлери онлайн бизнестин көйгөйү болуп кала берет. Ошондуктан ар бир пикирге жооп берип, каталарды тез арада оңдоп, кардарлар менен жакшы мамиле куруу керек», — дейт эксперт.
Ошондой эле, логистикалык маселелер да — онлайн бизнестин кемчиликтеринин бири. Куренкеев сатып алуучуга товарды убагында жеткирүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, кеч жеткен товар үчүн да кардар жаман пикир калтырышы мүмкүн экенин айтты.
Айбек Куренкеев онлайн бизнес Кыргызстанда жана дүйнө жүзүндө чоң мүмкүнчүлүктөрдү ача турганын белгиледи. Ишкерлерге сапаттуу контент, санариптик маркетинг жана кардарлар менен ишенимдүү мамиле түзүү аркылуу ийгиликке жетүүгө болот. Кыргызстандын онлайн соода рыногу өсүүдө жана глобалдык тренддерди эске алып, ишкерлер үчүн келечекте дагы көп мүмкүнчүлүктөр ачылат.
Онлайн бизнес дүйнөсүнө кирүү үчүн убакытты туура башкаруу, эң актуалдуу тренддерди түшүнүү жана дайыма жаңы нерселерди үйрөнүп туруу керек.


