
Жарыяланган
2026-22-07, 19:09Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде 21-июлда каржы рыногу үчүн эң маанилүү темалардын бири болгон киберкоопсуздукка арналган форум өттү. CYBERFINANCE 2026 форумуна банктардын, IT-компаниялардын, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, окутуучулар жана студенттерден турган 120га жакын адам катышты.
Иш-чарада фишинг, маалыматтардын сыртка чыгып кетиши, санариптик төлөмдөрдөгү алдамчылык жана каржы сектору бүгүнкү күндө туш болуп жаткан башка коркунучтар тууралуу сөз болду.

Улуттук банктын Башкармалыгынын мүчөсү Санжар Абдыгазиев форумду ачып жатып киберкоопсуздукту эми техникалык гана маселе катары кароого болбой турганын белгиледи.
"Жасалма интеллект, санариптик финансылык кызматтар, бөлүштүрүлгөн реестр технологиялары, стейблкоиндер жана башка инновациялык төлөм каражаттары дүйнөлүк экономиканы өзгөртүүдө. Ошол эле учурда алар киберкоопсуздук маселелери технологиялык гана эмес, экономикалык мааниге да ээ болгон жаңы экосистеманы калыптандырууда", — деди ал.
Санжар Абдыгазиевдин айтымында, Улуттук банктын максаты Кыргызстанда инновациялар шылуундар үчүн куралга эмес, жарандардын ишенимин бекемдөөгө кызмат кылган коопсуз санариптик финансылык чөйрөнү түзүү.
Акыркы жылдары республикада санариптик төлөмдөр, мобилдик банкинг жана жаңы финансылык технологиялар жигердүү өнүгүп жатат. Ошол эле учурда алдамчылык аракеттеринин саны да көбөйүүдө.
"Биздин стратегиялык максатыбыз - инновациялар экономиканын туруктуу өнүгүшүнө өбөлгө түзүп, жарандардын бакубаттуулугун жогорулатышына жетишүү", — деп кошумчалады Санжар Абдыгазиев.
Бүгүнкү күндө киберкоопсуздук экономикалык туруктуулуктун негизги шарттарынын бирине айланды. Улуттук банктын Киберкоопсуздук жана маалыматтык коргоо башкармалыгынын башчысы Азамат Карабаев каржы секторун коргоо системасы үчүн атайын платформаны түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди. Бул платформа банктар менен банктык эмес финансы-кредиттик уюмдардын ортосунда киберкоркунучтар тууралуу маалыматты ыкчам алмашууга негизделет.
"Биз ишенимдүү кызматташуу чөйрөсүн түзүшүбүз керек. Эгер бир банк кандайдыр бир коркунучту аныктаса, калган банктар алдын ала эскертүү алып, тобокелдиктерди азайтып, кардарларын коргоого убакыт табышы керек", — деди ал.
Ошол эле учурда Азамат Карабаев система аркылуу кардарлардын жеке маалыматтары же банктык сырлар берилбей турганын өзгөчө белгиледи. Маалымат алмашуу техникалык мүнөздөгү коркунуч көрсөткүчтөрү боюнча гана жүргүзүлөт. Бул финансылык уюмдарга киберчабуулдарды алдын ала аныктоого жардам берет.
Банк сектору үчүн бул маанилүү кадам болуп саналат. Анткени ар кайсы банктардын киберкоопсуздук системаларынын даярдык деңгээли ар башка. Маалымат алмашуу болсо алдамчылыктын жаңы ыкмаларына ыкчам жооп кайтарууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Форумда криптовалюта тармагына өзгөчө көңүл бурулду. Анткени Кыргызстан 2021-жылы виртуалдык активдер жөнүндө мыйзам кабыл алынгандан кийин бул рынокту жөнгө салууну жигердүү баштаган аймактагы алгачкы өлкөлөрдүн бири болуп саналат.

Эл аралык Green Light IT-компаниясынын өкүлү Байсал Шералиев платформалар туш болгон алдамчылык схемалары тууралуу кеңири айтып берди. Алардын эң кеңири тарагандары - дропперлик, банктык эсептерди бузуп кирүү, акча каражаттарын ортомчу адамдардын эсептерине которуу жана андан соң чет өлкөдөгү криптокапчыктарга чыгарып кетүү.
"Көпчүлүк адамдар муну оңой акча табуунун жолу деп ойлошот. Бирок жыйынтыгында кылмыштуу схеманын катышуучусуна айланып, мыйзам алдында жоопкерчиликке тартылып калышы мүмкүн", — деп эскертти эксперт.
Анын айтымында, компаниянын платформасы бир календардык жыл ичинде 20 миңге жакын колдонуучуну тарткан. Ал эми күн сайын анда болжол менен 300 операция жүргүзүлөт. Ошондуктан KYC-текшерүүлөрү, кардарларды идентификациялоо жана шектүү транзакцияларга мониторинг жүргүзүү тармак үчүн өзгөчө маанилүү болуп саналат.
Байсал Шералиев белгилегендей, негизги көйгөй техникалык алсыздыктарда гана эмес, калктын финансылык сабаттуулугунун төмөн деңгээлинде да жатат.
"Биздин технологиялар абдан ылдам өнүгүп кетти. Бирок калк аларга толук көнүп, ыңгайлашып жетише элек. Алдамчылар дал ушундан пайдаланып жатышат", — деди ал.
"Касперский лабораториясынын" маалыматтык коопсуздук боюнча эксперти Давид Солдаев форумда бүгүнкү күндө каржы сектору киберкоркунучтарга канчалык деңгээлде алсыз экенин айкын көрсөткөн статистикалык маалыматтарды сунуштады.

Компаниянын маалыматына ылайык, 2025-жылы дүйнө жүзү боюнча каржы тармагында коопсуздукка байланыштуу болжол менен 400 миң эскертүү катталган. Ал эми бир финансылык уюм үчүн багытталган киберчабуулдан келтирилген орточо чыгым 80 миллион рублга жеткен.
Эксперт ошондой эле төмөнкү көрсөткүчтөрдү белгиледи:
"Каржы тармагы өтө тездик менен өнүгүп жатат. Бирок уюмдар жаңы коркунучтарга жараша өздөрүнүн коргонуу системаларын дайыма эле өз убагында ылайыкташтырууга жетишпейт", — деди "Касперский лабораториясынын" өкүлү.
Бул маалыматтар Кыргызстан үчүн өзгөчө маанилүү. Анткени өлкөдө санариптик финансылык кызматтар барган сайын кеңири жайылып, мобилдик банкинг менен онлайн төлөмдөр күнүмдүк жашоонун ажырагыс бөлүгүнө айланып бара жатат.
Эксперттик талкуулар менен катар эле Capture the Flag (CTF) форматындагы мелдештер да өткөрүлдү. Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын студенттик командалары жана банктардын командалары чыныгы хакердик чабуулдардын сценарийлерине каршы аракеттенишип, маалыматтык системалардагы алсыздыктарды аныктоону жана киберинциденттерди нейтралдаштырууну үйрөнүштү. Ошондой эле алар байгелүү орундар үчүн өз ара күч сынашты.

Ноутбуктар коюлган столдордун айланасында дээрлик спорттук таймаштагыдай маанай өкүм сүрдү: кимдир бирөө командаларды ыкчам терип жатса, дагы бири табылган алсыздыктарды командасы менен талкуулап жатты.
Мелдештин жыйынтыгында биринчи жана экинчи орундарды Кыргыз Республикасынын банктарындагы IT-адистердин командалары жеңип алышты. Үчүнчү орунду Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин студенттеринен түзүлгөн "ПОКС-1" командасы ээледи.
Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылды: биринчи орун үчүн - 100 миң сом, экинчи орунга 80 миң сом, үчүнчү орун үчүн - 60 миң сом.
Форум дал ушул келечектеги IT-адистердин арасында өзүнүн практикалык маанисин дагы бир жолу көрсөттү. Анткени киберкоопсуздук - бул банктарды гана коргоо эмес, жакынкы жылдары өлкөнүн санариптик экономикасынын коопсуздугун камсыздай турган адистерди даярдоо да болуп саналат.
Эгер мындан бир нече жыл мурда киберкоопсуздук боюнча адис негизинен IT-системалардын үзгүлтүксүз иштешине жооп берген кызматкер катары кабыл алынса, бүгүнкү күндө анын кабыл алган чечимдеринин мааниси алда канча жогорулады. Азыр кеп санариптик инфраструктуранын туруктуулугу жөнүндө гана эмес, жеке маалыматтардын сакталышы, финансылык операциялардын коопсуздугу жана кардарлардын банктарга жана төлөм кызматтарына болгон ишенимин камсыз кылуу жөнүндө да болуп жатат.




