Akchabarsearch
Бизнеске электр жарыгы жок бир саат канча чыгым алып келет?

Бизнеске электр жарыгы жок бир саат канча чыгым алып келет?

Ушул жылдын 14-августунда Борбор Азиянын бир нече өлкөсүндө электр энергиясы үзгүлтүккө учурады. Алматыда метро токтоп, жол чырактар жана коммуналдык инфраструктурада көйгөйлөр жаралды. Мындай үзгүлтүк Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстанда да катталган.

Акыркы жарым жылда өлкөдө 26 жогорку чыңалуудагы авариялык өчүрүү болгон. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.

Анын негизги себептери катары жабдууларды пайдалануу эрежелерин, коопсуздук техникасын бузуу, жабдуулардын техникалык абалы, электр берүү линияларынын үзүлүүсү жана айрым жооптуу жетекчилердин кайдыгер мамилеси айтылды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын айтымында, электр энергиясынын ар бир пландан тышкары өчүрүлүшү калктын нааразычылыгын жаратып гана тим болбостон, бизнеске да зыян келтирүүдө.

Буга байланыштуу өлкөнүн бир катар аймактарында, анын ичинде 14-августта болгон окуя боюнча электр энергиясынын өчүшүнүн себептерин изилдөө үчүн атайын комиссия түзүү тапшырмасы берилди.

Текшерүүнүн жыйынтыгында күнөөсү аныкталган учурда энергетика тармагындагы мекемелердин, компаниялардын жана подряддык уюмдардын жооптуу кызмат адамдарынын аракеттерине укуктук жана тартиптик баа берүү тапшырылды.

Кыргызстан үчүн электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгү эки багытты камтыйт. Биринчиси - аймактык энергетикалык система. Андагы тармактын бир бөлүгүндөгү мүчүлүштүк коңшу өлкөлөргө да таасир этиши мүмкүн. Экинчиси - өлкөнүн өзүндөгү инфраструктуранын абалы, жабдууларды пайдалануу жана авариялык өчүрүүлөр.

Балмуздакты өзүң жегенге туура келет

Бишкектин четиндеги чакан азык-түлүк дүкөнү үчүн электр энергиясы өчкөндө эң чоң көйгөй муздаткычтар менен тоңдургучтар. Электр жарыгы өчүп калганда кызматкерлер тоңдургучтарды жууркан менен жаап, аларды мүмкүн болушунча ачпоого аракет кылышат. Тоңдурулган азыктарды убактылуу сатпай турушат, анткени товар канчалык деңгээлде эрип же ысып кеткенин аныктоо кыйын.

"Балмуздакты өзүбүз жеп коюшубуз же бекер таратып беришибиз мүмкүн", — дейт дүкөндүн кызматкери.

Электр энергиясы өчкөн учурлардын биринде эле балмуздактан 2-3 миң сомдук товар жараксыз болуп калышы мүмкүн. Дагы 1-2 миң сомго жакын башка тоңдурулган азыктардан чыгым тартылат.

Айрыкча чүчваралар жана камырдан жасалган башка азыктар менен көйгөй жаралат. Эгер товар эрип кетсе, муну анын таңгагынан жана формасынан байкоого болот. Кайра тоңдурулган мындай товарды сатууга болбойт.

Бул дүкөн үчүн эки эселенген чыгым дегенди билдирет: адегенде ишкер товар үчүн жеткирүүчүгө акча төлөйт, андан кийин аны сатып, киреше таба албай калат. Ал эми жеткирүүчү мындай товарды дайыма эле кайра кабыл ала бербейт, анткени азыктын бузулушуна соода түйүнүндөгү электр энергиясынын өчүшү себеп болот.

Дүкөндүн кызматкерлери тоңдурулган азыктарды сатып алууга этият мамиле кыла баштаганын айтышат. Натыйжада дүкөндүн сатуусу азаят, жеткирүүчү азыраак көлөмдө буйрутма алат, ал эми сатып алуучунун тандоосу кыскарат. Демек, электр менен камсыздоонун туруксуздугу электр жарыгы бар убакта да зыян алып келет.

Ресторан үчүн электр энергиясынын өчүшү кыйла чоң чыгымга алып келиши мүмкүн.

Ашкана, муздаткычтар, жыт соргучтар, кассалык жабдуулар, терминалдар жана жеткирүү кызматтарынын баары электр энергиясына көз каранды. Мисалы, ресторан саат 19:00дө 30 кардарды тейлөөнү пландаса, бирок электр өчүп калгандыктан алар башка жайга кетип калса, жарык кайра күйгөндөн кийин ал кирешени кайтарып алуу мүмкүн эмес. Ошондуктан ресторандын токтоп турушунан келген чыгым ошол саатта сарпталчу электр энергиясынын баасынан бир нече эсе жогору болушу мүмкүн.

Бул тобокелдик Алматыда өзгөчө байкалган. Акыркы блэкаут маалында шаарда америкалык рэпер жана музыкалык продюсер Канье Уэсттин концерти өтүшү күтүлүп, кошумча кардарлардын агымы болжолдонгон. Бирок концерт кийинки күнгө жылдырылган. Ресторандар, кафелер, таксилер, мейманканалар жана дүкөндөр үчүн бул кардарлар көбөйүшү мүмкүн болгон күн эле. Мындай учурда электр энергиясынын узакка өчүшү бизнестин токтоп калуусунан болгон чыгымды дагы көбөйтөт.

Генератор — камсыздануу. Бирок ал баарына эле жеткиликтүүбү?

Мындай чыгымдардан коргонуунун эң жөнөкөй жолу - электр энергиясынын резервдик булагына ээ болуу.

Бишкекте кубаттуулугу болжол менен 5 кВт болгон бензин генераторун 40-70 миң сомго, ал эми 7 кВттык үлгүлөрдү 60-85 миң сомго табууга болот.

Чакан азык-түлүк дүкөнү үчүн мындай генератор муздаткычтардын, тоңдургучтардын, жарыктандыруунун жана кассалык жабдуулардын ишин камсыздай алат. Бирок керектүү кубаттуулук техниканын санына жана ишке киргизүү учурундагы электр жүгүнө жараша болот.

Ошондуктан 5 кВттык генератор каалаган дүкөнгө жетет деп автоматтык түрдө айтууга болбойт. Муздатуучу жабдуулар ишке кирген учурда кыска убакытка кыйла көп кубаттуулук талап кылышы мүмкүн. Бир нече муздаткыч жана тоңдургуч үчүн кадимки керектөөсү салыштырмалуу аз болсо да, 7 кВттык генератор кыйла ыңгайлуу болушу ыктымал.

Жабдуунун өз баасынан тышкары, аны орнотуу, тейлөө, күйүүчү май жана зарыл болсо резервдик электр булагына автоматтык которуу системасы үчүн да чыгым талап кылынат.

Чакан дүкөн үчүн 5-7 кВттык генератор электр жарыгы өчкөндө үзгүлтүккө учураган иштен туруктуу тарткан чыгымдан арзаныраак болушу мүмкүн. Генератор саатына болжол менен 1,5-2,5 литр бензин коротсо, анын иштөө баасы күйүүчү майга гана эсептегенде 110-190 сомдун тегерегинде болот. Эгер электр жарыгы бир нече саатка өчүп, дүкөн миңдеген сомдук товарынан жана кирешесинен кол жууса, резервдик электр булагын орнотуу экономикалык жактан акталышы мүмкүн. Бирок электр энергиясы сейрек өчсө, ондогон миң сомго генератор сатып алуу, тескерисинче, өзүн актабай калышы мүмкүн.

Электр энергиясынын өчүшү эмне үчүн аймактык мүнөздө болду?

Блэкаут дагы бир көйгөйдү - Борбор Азиянын өз ара байланышкан энергетикалык системасынын алсыздыгын көрсөттү.

Аймактагы өлкөлөрдүн энергетикалык системалары бири-бири менен байланышкан. Кадимки шартта бул артыкчылык: мамлекеттер электр энергиясы менен алмашып, кубаттуулуктун тартыштыгын толуктап, өздөрүнүн энергетикалык ресурстарын натыйжалуу пайдалана алышат. Бирок мындай системанын тескери жагы да бар. Эгер кубаттуулуктун балансында олуттуу бузулуу болсо, анын кесепети көйгөй жаралган өлкөнүн чегинен чыгып кетиши мүмкүн.

Дал ушул окуялардын ырааттуулугун тараптар ар башкача түшүндүрүштү. Казакстандын системалык оператору KEGOC билдиргендей, 14-августта саат 14:37де Кыргызстандагы Токтогул ГЭСинде жалпы кубаттуулугу 600 мегаватт болгон эки гидрогенератор авариялык түрдө өчкөн. KEGOCтун версиясы боюнча, бул кубат агымдарынын кескин өзгөрүшүнө жана Түндүк – Чыгыш – Түштүк багытындагы транзиттин ашыкча жүктөлүшүнө алып келген. Андан соң аварияга каршы автоматика иштеп, Казакстандын түштүк аймагы жалпы энергетикалык системадан бөлүнүп калган. 

Кыргызстандын Энергетика министрлиги болсо жайгдайды башкача түшүндүрдү. Анын маалыматына караганда, саат 15:34тө Казакстандагы жогорку чыңалуудагы линия тыштан өчүрүлгөндөн кийин Борбор Азиянын бирдиктүү энергетикалык системасы изоляцияланган режимге өткөн. Андан соң Кыргызстандын энергетикалык системасы да убактылуу өзүнчө режимде иштей баштаган. 

Бирок керектөөчүлөр үчүн жыйынтык бирдей болду: электр энергиясындагы үзгүлтүктөр бир нече өлкөдө дароо сезилди.

Казакстанда техникалык бузулуудан улам 500 кВ чыңалуудагы үч линия өчүрүлдү. Алматыда жана облуста өчүрүлгөн жүктөмдүн көлөмү болжол менен 300 МВт түздү. Саат 15:11де Алматынын метросу токтоду. Бирок станциялардагы жарык берүү жана желдетүү резервдик аккумуляторлордун эсебинен иштеп турду. Жол чырактардын ишинде жана жол кыймылында да көйгөйлөр жаралды. Алматы Су насостук станциялардын ишинде үзгүлтүктөр болушу мүмкүн экенин эскертти.

Үзгүлтүктөр Кыргызстанда, анын ичинде Бишкек менен Чүй облусунда, ошондой эле Өзбекстанда жана Тажикстанда катталды.

Кадимки керектөөчү үчүн мунун баары бирдей көрүндү - жарык өчтү. Бирок экономикалык кесепеттери ар бир өлкөдө жана ар бир бизнес үчүн ар башка болду.

Метронун жүргүнчүсү үчүн бул текке кеткен убакыт. Ресторан үчүн жоголгон заказдар. Дүкөн үчүн бузулган товар. Өндүрүш үчүн токтоп калган линия. Энергетиктер үчүн бүтүндөй системаны кайра турукташтыруу зарылдыгы.

Ошондуктан блэкауттун чыгымын бир эле сан менен өлчөө мүмкүн эмес. Бирок бул окуя электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгү энергетика тармагынан кыйла кеңири маселе экенин көрсөттү. Борбор Азиянын өз ара байланышкан энергетикалык системасы өлкөлөргө маанилүү артыкчылык берет: алар бири-бири менен электр энергиясы жана кубаттуулук алмашып, зарыл учурда бири-бирин колдой алышат. Ошол эле учурда ири авария чынжыр реакциясын жаратып, анын кесепетин аймактагы керектөөчүлөр менен бизнес сезиши мүмкүн.


Тектеш материалды окуу

  • Быйыл Кыргызстан өзүн кант менен толук камсыздайт

    Быйыл Кыргызстан өзүнүн кантка болгон муктаждыгын толук камсыздайт, бул жылына 120 миң тоннага жакын. Учурда 620,9 миң тонна кант кызылчасы жыйналып, Чүй жана Талас облустарында жайгашкан сегиз кызылча кабыл алуу пунктуна жеткирилди.
    2024-04-11 06:59:20
  • Туура тамактануу бала кезден калыптанат

    2006-жылдан бери өкмөт өлкөдөгү мектептердин башталгыч класстарынын окуучуларын тоюмдуу жана тең салмактуу тамактануу менен камсыздоого багытталган “Мектептердин тамактануусу” улуттук программасын активдүү ишке ашырып келет.
    2024-18-10 13:29:24
  • Быйыл өлкөдө кант кызылчанын түшүмү көп болору күтүлүүдө

    Алдын-ала маалыматтар боюнча, быйыл Кыргызстанда кант кызылчанын түшүмү 900 миң тоннаны түзөт, бул былтыркыдан 1,5 эсеге көп. Мунун себеби быйыл дыйкандар кан кызылчасынын айдоо аянтын кеңейткен.
    2024-11-09 10:15:23