akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2020-18-09, 05:30

    18-сентябрга карата Токтогул суу сактагычында 15 млрд 126 млн куб метр суу бар

    Бүгүн, 18-сентябрда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15 млрд 126 млн куб метрди түзөт. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

     

    [news 28123]

    Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 324 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 266 куб метрге жетүүдө.

    Белгилей кетсек, суу сактагыч Нарын дарыясынын жогорку агымындагы мөңгүлөрдүн эриген көлөмүнө жараша толот.