akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2021-26-02, 04:00

    2020-жылы ЕАЭБдеги экспорттун көлөмү 20% төмөндөгөн

    2020-жылы ЕАЭБдин үчүнчү өлкөлөргө болгон экспорту 364.4 млрд $ түздү. 2019-жылга салыштырмалуу 20.9% төмөндөө болгон. Бул тууралуу ЕЭКтен билдиришти. 

    [news 17588]

     

    Маалыматка ылайык, биримдиктеги өлкөлөрдүн башка мамлекеттер менен болгон товар жүгүртүүсү 622.8 млрд долларды түзгөн. Анын ичинен 258.4 млрд доллар - импорт. 2019-жылга салыштырмалуу төмөндөө 15.4% түзгөн. 

    Сооданын дээрлик 85% Россия мамлекети жүргүзгөн — 518.4 млрд доллар: экспорт – 304.7 млрд доллар, импорт – 213.7 млрд доллар. Казакстан 65.3 млрд долларга, Белорусия — 31.1 млрд долларга соода жүгүрткөн. 

     

    Армениянын товар жүгүртүүсү 4.7 млрд долларды, Кыргызстандыкы — 3.2 млрд долларды түзгөн.