Жарыяланган
2021-22-09, 09:50Министрлер кабинети 2022-жылды Кыргыз Республикасы жана Сауд Аравия Королчулугу элдеринин ортосундагы достук жылы катары жарыялоону сунуштады. Бул тууралуу минкаб төрагасы Улукбек Марипов Кыргызстандагы Сауд Аравия Королчулугунун элчиси Ибрахим Аль Ради менен жолукканда маалым болду.
Марипов белгилегендей, республика Сауд Аравия Королчулугу менен келечекте ырааттуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө артыкчылыктуу маани берет, ошондой эле президент Жапаровдун аталган өлкөгө расмий сапарына карата даярдыктар тууралуу маалымат берди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселесин талкуулады.