Жарыяланган
2023-22-03, 05:25Ушул жайда Абу-Даби – Бишкек – Абу-Даби багытында аба каттамын ачуу пландалууда. Бул тууралуу Швейцариянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.
Маалыматка ылайык, аба каттамдарын ачуу Эл аралык финансы корпорациясынын (IFC) долбоорунун алкагында Кыргызстандын өкмөтүнүн колдоосу менен “Манас” эл аралык аэропорту ААК жана “Wizz Air Abu Dhabi” авиакомпаниясынын аракеттеринин негизинде мүмкүн болду.
"Жакынкы арада Абу-Даби – Ош – Абу-Даби багыты боюнча да аба каттамын ачуу пландалып жатат",- деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, буга чейин Кыргызстандын Туризм департаменти аба каттамдары 2022-жылдын күзүндө ачыла турганын билдирген.