Жарыяланган
2023-04-12, 09:50Кыргызстанда «Айыл чарбасын каржылоо-11» программасынын алкагында фермерлерге 3,3 млрд сомдук 7,3 миңден ашык насыя берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Алсак, “Өсүмдүк чарбасы” категориясы боюнча жалпы суммасы 886 млн 773 миң сомго 2 миң 102 кредит берилген, анын ичинен:
“Мал чарбасы” категориясы боюнча жалпы суммасы 2 млрд 413 млн 227 миң сомдук 5 миң 237 насыя берилген, анын ичинен:
Жалпысынан 2 категория боюнча 3 млрд 300 млн сомдук 7 миң 331 насыя берилди. Анын ичинен “Айыл Банк” ААКсы 3 миң 608 насыяны 1 млрд 650 млн сомго, “РСК Банк” ААКсы 3 миң 731 насыяны 1 млрд 665 млн сомго берген.