Жарыяланган
2023-12-09, 07:56Нарын, Жалал-Абад жана Чүй облустарындагы бир катар мектептерде робототехника класстары ачылат. Бул тууралуу Кыргызпатент билдирди.
Мекемеден билдиришкендей, жакында ТИКАнын колдоосу менен Нарын шаарындагы №8 мектепте, Кайыңдыдагы №3 мектепте жана Жалал-Абад шаарындагы балдардын чыгармачылык борборунда робототехника жана санарип дизайн боюнча окуу класстары ачылат.
Учурда мектептерге компьютерлер, интерактивдүү доскалар, көп функциялуу принтерлер, 3D шаймандар жана эмеректер алынып келинүүдө.