akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2022-25-01, 09:50

    Айрым азыктарды Кыргызстандан ЕАЭБ мамлекеттерине чыгарууга кайрадан тыюу салуу сунушталды

    Кыргызстандан ЕАЭБ мамлекеттерине айрым азыктарды чыгарууга кайрадан тыюу салуу сунушталды. Айыл-чарба министрлигинен маалым болгондой, буга арпа,  буудай, жүгөрү, күрүч, кумшекер, май жана ун кирет.

    Эске салсак, жогорудагы товарларга жарым жылдык экспорттук чектөөнү министрлер кабинети былтыр июнь айында да киргизген болчу. 

    Өкмөт бул жолу экспортко 1-февралдан 1-августка чейин тыюу салууну көздөп жатат.