akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-08-08, 08:25

    Ак-Суу районуна келген туристтерден бюджетке 3,3 млн сом түштү

    2024-жылдын январь-июнь айларында алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келген туристердин саны өткөн жылдарга салыштырмалуу өскөн. Бул тууралуу Ысык-Көлдө өтүп жаткан аймактык инвестициялык кеңештин биринчи отурумунда белгилүү болду. 

    Маалыматка ылайык, алардын эсебинен жеке жана жергиликтүү бюджеттерге көптөгөн каражаттар түшүүдө. 

    Тактап айтканда, отчеттук жылдын 6-айында  район аймагына 20 миңден ашык туристер келип, алардын эсебинен бюджетке бирдиктүү салык катары 3 млн 343 миң 800 миң сом акча төлөндү.