Жарыяланган
2024-19-04, 08:16Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Курбу айылында 100 орундуу бала бакча курулат. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуу порталына жарыяланды.
Объекттин сметалык баасы 86 млн 651 миң 886 сомду түзүп, сынактык арыздар 7-майга чейин кабыл алынат.
Тендерди Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине караштуу Курулуш жана инженердик инфраструктура боюнча аймактык башкармалык жарыялаган.