Жарыяланган
2024-01-05, 08:45Ак-Суу районунда ири ирригациялык канал оңдолуп, 14 гектардан ашык жерди сугат суу менен камсыз кылды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган канал 68 жылдан бери иштетилбей келген.
Райондор аралык бул канал Ак-Суу районунда 9 миң гектардан ашык, Түп районунда 5 миң гектардан ашык жерди суу менен камсыздайт.
Оңдоо иштеринде инфраструктуранын эскирген элементтерин алмаштыруу, жээк тилкелерин бекемдөө жана каналдын бүтүндүгүн калыбына келтирилди. Бул иш-чаралар каналдын өндүрүмдүүлүгүн жана бекемдигин жогорулатууга багытталган, бул суу ресурстарын оптималдаштырууну жана аймактагы айыл чарба тармагынын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылат.