akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-23-08, 06:53

    Ак-Талаада 45 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

    Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы мурдагы автотранспорт ишканасынын 45 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришти.

    Мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин жана ишканаларды аныктоо жана кайтарып алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө УКМК тарабынан Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы мурдагы автотранспорт ишканасынын жалпы аянты 2,30 га жер тилкесин мыйзамсыз чыгарып кетүү фактысы аныкталган.

    "2003-жылы мамлекеттик органдардын айрым кызмат адамдары акционердик коомдун жооптуу кызматкерлери менен тил табышып, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, "Ак-Талаа АТП" ААКтын жер тилкесин жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп беришкен. Натыйжада ишкананын 45 млн сомго бааланган жери мамлекеттин балансына кайтарылды", - деп айтылат маалыматта.