Жарыяланган
2020-13-05, 07:30Бишкектин четинде күйүүчү майды контрабанда жолу менен сатып жаткандар толтура. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев ЖК жыйынында билдирди.
[news 24109]
«Жакынкы күндөрү контрабандисттер Ак үйгө келип, депутаттарга бензин саткана калышты. Бишкекти толугу менен каптап бүтүштү. Эксперттердин айтымында, бир жылда күйүүчү майдын контрабандалык жол менен сатылышынан улам бюджетке 5 млрд сомго жакын каражат түшпөй калып атат. Буга карата сизге сунуш: финансы полициясы, салык кызматы, антимонополия тармагындагы 3-4 жетекчини кызматтан алып, реалдуу кадамдарга барышыңыз керек. Чечкиндүү кадамга барганда гана контрабанда токтойт. Баткенде 4 айда контрабанда боюнча 22 факт катталды деген маалымат жалган. 22 факт түшкө чейин гана катталат», — деп айтты депутат.