Жарыяланган
2022-28-11, 04:27Улуттук банктын активдери октябрдын аягында 350 миллиард 92,8 миллион сомго бааланды. Бул тууралуу жөнгө салуучу орган билдирди.
Улуттук банктын активдеринин басымдуу бөлүгүн накталай акчалар, банктар жана башка финансы-кредиттик мекемелер (жалпы көлөмдүн 34,9%) жана монетардык эмес алтын жана баалуу металлдардагы камдар (33,8%) түзөт.
Кошумчалай кетсек, жыл ичинде жөнгө салуучу органдын активдери 306,06 млрд сомдон 14,38%га, же 44 млрд сомго көбөйгөн.