akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2024-29-04, 09:55

    «Манас» аэропортунун акциялары 11,8%га арзандады

    Бүгүн, 29-апрелде Кыргыз фондулук биржасында “Манас” эл аралык аэропортунун акциялары менен үч бүтүм катталды. 

    Акционердик коомдун баалуу кагаздары биржанын экинчи рыногунда сатылган, башкача айтканда, акциялар аэропорттун акционерлеринин бири тарабынан сатылган. Жалпысынан 550 жөнөкөй акция бир акцияга 750 сомдон бааланган. Ошентип, бүтүмдүн жалпы суммасы 412,5 миң сомду түздү.

    Эске салсак, 22-апрелде аэропорттун акциялары 850 сомдон сатылган. Ошентип, сооданын жыйынтыгында “Манастын” акциялары 11,8%га арзандады.