Жарыяланган
2024-06-08, 10:502029-жылга чейин сүттү кайра иштетүүнү эки эсе көбөйтүү пландалууда. Бул тууралуу Сүт өндүрүүчүлөр уюмунун аткаруучу директору Сыймык Тайчабаров билдирди.
"Өлкөдө өндүрүлгөн сүттүн үчтөн бир бөлүгү гана кайра иштетилери аныкталды. Токтомго кол коюлгандан кийин сүт тармагын өнүктүрүү боюнча концепцияны бекитүүнү мерчемдеп жатабыз. Ал 2029-жылга чейин жеке сектор менен бирге сүттү кайра иштетүүнү эки эсе көтөрүүгө жардам берет", - деди Тайчабаров.
Белгиленгендей, учурда өлкөдө өндүрүлгөн сүттүн үчтөн бир бөлүгү гана кайра иштетилет.